Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын климаттык инвестициялык программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине 1-тиркеме)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 420-т тескемесине 1-тиркеме
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын климаттык инвестициялык программасы
1-глава. Кириш сөз
Кыргыз Республикасынын климаттык инвестициялык программасы (мындан ары – КИП) 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугу концепциясына, Улуттук деңгээлде аныкталган жаңыланган салымга (УДАС 3.0) жана Жашыл климаттык фонд (мындан ары – ЖКФ) менен өз ара аракеттенүү боюнча өлкөлүк программасына ылайык 2024–2027-жылдарга иштелип чыккан. КИПтин негизги максаты парник газдарынын чыгындыларын кыскартууга, климаттык туруктуулукту жогорулатууга, инновациялык экологиялык технологияларды киргизүүгө, табигый жана антропогендик системалардын туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле «жашыл» инвестицияларга дем берүүгө багытталган климаттык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн долбоордук документтерди даярдоо жана каржылоону тартууга көмөктөшүү үчүн институционалдык жана финансылык шарттарды түзүү болуп саналат. КИП жалпы суммасы 465,67 млн АКШ доллары (техникалык жардамды жана региондук долбоорлорду эске албаганда) 26 климаттык долбоорду камтыйт, анын ичинде улуттук демилгелерди даярдоо боюнча 15 долбоор, техникалык жардам алууга өтүнмөлөрдү даярдоо боюнча иш-чаралардын 8 долбоору жана региондук демилгелерди даярдоо боюнча 3 долбоор. Долбоорлор мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн артыкчылыктарын эске алуу менен түзүлөт жана климаттык саясаттын негизги багыттарын камтыйт, анын ичинде кайра жаралуучу энергия булактары, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, суу ресурстарын башкаруу, катуу тиричилик калдыктарын башкаруу, туруктуу айыл чарбасы жана экосистемаларды сактоо. КИПтин үстүндө иштөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору (мындан ары – ККБ) тарабынан колдоого алынган Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын катышуусунда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча пилоттук программанын алкагында жүргүзүлгөн. Иштеп чыгуу процессинде мамлекеттик органдар, жеке сектор, илимий мекемелер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен көп тараптуу консультациялар өткөрүлдү, бул бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын эске алууга жана КИПти улуттук өнүгүү стратегиялары менен шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берди. КИПтин өзгөчөлүгү негизги катышуучулардын комплекстүү тартылуусу болуп саналат: климаттык жана инвестициялык саясатты калыптандырууга жана ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар, эл аралык жана улуттук донорлор, финансылык институттар жана жеке сектор. Мындай кызматташтык аракеттердин макулдашылгандыгын камсыз кылат, ресурстарды бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатат жана стратегиялык климаттык максаттарга жетишүүгө өбөлгө түзөт. Климаттык каржылоо маселелери боюнча ишти координациялоого жооптуу жетектөөчү институционалдык орган болуп 2017-жылы климаттык каржылоону координациялоо механизминин катчылыгы катары түзүлгөн ККБ саналат. Азыркы учурда ККБ Климаттык технологиялар боюнча борбордун жана тармактын (CTCN) улуттук ыйгарым укуктуу органынын функцияларын, ЖКФнын улуттук координациялык борборунун, Кыргыз Республикасынын экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңештин катчылыгынын, ошондой эле климаттык каржылоо маселелери боюнча эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат. ККБнын мандаты климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууга көмөктөшүүнү, инвестициялык программаларды мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле Париж макулдашуусунун 6.2-беренесинин алкагында көмүртек рыногун өнүктүрүүнү камтыйт. КИПти ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
– климаттык каржылоого жетүүнү башкаруу үчүн операциялык негизди түзүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу боюнча бардык кызыкдар тараптардын аракеттеринин макулдашылгандыгын камсыз кылууну;
– мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү жамааттардын климаттык долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу жаатындагы институционалдык потенциалын чыңдоону;
– каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылган климаттык инвестициялар боюнча улуттук мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук системасын түзүүнү.
Жалпысынан алганда, КИП 2026–2030-жылдар мезгилинде мурдагы иштердин жыйынтыктарына жана топтолгон тажрыйбага таянуу менен узак мөөнөттүү жана артыкчылыктуу инвестицияларды аныктайт.
2-глава. Климаттык көйгөйлөр
Кыргыз Республикасынын климаты температуранын өзгөрүү сезондуулугу ачык байкалган кескин континенталдык мүнөзгө ээ. Орточо жылдык температура минус 10дон плюс 22 градус Цельсийге чейин өзгөрөт, орточо жылдык жаан-чачындын саны 378,3 мм түзөт. Аймактын 93 % жакыны тоолуу райондор ээлейт, бул төрт климаттык зонанын болушун шарттайт: өрөөн-тоо этеги (деңиз деңгээлинен 900–1200 метр бийиктикте) – жайы ысык жана кышы кар аз, тоолуу (1200–2200 метр), мелүүн климаттуу; бийик тоолуу (2200–3500 метр) жайы салкын жана кышы суук жана нивалдык алкак (3500 метрден жогору) полярдык климаты жана туруктуу кар катмарлуу. Мындай ар түрдүүлүк климаттык шарттардын жогорку ар түрдүүлүгүнө жана табигый кырсыктарга карата алсыздыгын түзөт. Республикадагы жылуулуктун байкалган темптери глобалдыктан кыйла жогору. 1960-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде орточо жылдык абанын температурасы 1,2 градус Цельсийге жогорулап, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе көп. Жай жана кыш мезгилдеринде кыйла интенсивдүү өсүш белгиленүүдө, бул түздүк райондорунда 40 градус Цельсийден жогору экстремалдуу температуралардын ыктымалдыгын арттырат жана кургакчылык, чөлдөшүү жана жердин деградациясы тобокелдигинин өсүшүнө алып келет. Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы табигый кырсыктарга эң көп дуушар болгон өлкөлөрдүн катарына кирет. Жыл сайын 200гө жакын өзгөчө кырдаал катталат, алардын 90 % табигый мүнөзгө ээ. Эң кеңири таралган коркунучтарга суу ташкындары, жер көчкүлөр, селдер жана кар көчкүлөр кирет. Тоолуу рельеф жана температуранын жогорулашы кар менен мөңгүлөрдүн эришинен улам пайда болгон суу ташкындарынын тобокелдиктерин күчөтөт. Мөңгүлөрдүн абалы өзгөчө тынчсызданууну жаратат, алар региондогу суу ресурстарынын негизги булагы болуп саналат. Илимий изилдөөлөрдүн маалыматы боюнча, акыркы 50 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16 %га кыскарган жана бүгүнкү күнгө салыштырмалуу 2050-жылга карата 50 %га чейин азайышы мүмкүн деп болжолдонууда. Бул орто мөөнөттүү келечекте сел жана суу ташкындарынын санынын жана масштабдарынын көбөйүшүнө, ал эми узак мөөнөттө жай мезгилинде суу ресурстарынын олуттуу тартыштыгына алып келет. Электр энергиясын иштеп чыгуунун негизги бөлүгүн камсыз кылуучу Токтогул суу сактагычына түшүүчү суунун агымы 2050-жылга карата 18,8 % азайышы мүмкүн деп күтүлүүдө. Өлкөдө өндүрүлгөн бардык электр энергиясынын 93 % гидроэнергетика камсыз кыларын эске алганда, бул энергетикалык коопсуздукка түздөн-түз коркунуч жаратат жана алдын ала адаптациялык чараларды көрүүнү талап кылат. Айыл чарбасы айыл кылкынын 60 % жакыны ээлеген эң алсыз секторлордун бири болуп эсептелет. Сектордун ИДПсынын үлүшү 9,7 % түзөт, бирок анын социалдык мааниси алда канча жогору. Климаттык кырсыктардан жыл сайын келтирилген жоготуулар млн АКШ долларына бааланат, айрыкча кургакчылык жана жаан-чачындын туруксуздугунан улам өсүмдүк өстүрүү тармагы, ошондой эле жайыттардын деградациясынан улам мал чарбачылыгы эң чоң зыянга учурайт. 2020-жыл үчүн Парник газдарынын чыгындыларынын төртүнчү улуттук кадастрынын маалыматы боюнча көмүр кычкыл газынын чыгындыларынын негизги булагы энергетика сектору болуп саналат, анын үлүшү 88,73 % түзөт. Сектордун ичиндеги негизги чыгындылар турак жай керектөөсү, жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү менен байланышкан. Баштапкы өнөр жай продукциясын өндүрүү чыгындылардын 11,22 %, ал эми калдыктар сектору 0,05 % түзөт. Азот кычкылынын чыгындыларынын негизги булагы айыл чарбасы (95,77 %) жана энергетика (4,23 %) болуп саналат. Метандын чыгындысы мал чарбачылыгы жана калдыктарды башкаруу менен артыкчылыктуу байланыштуу. Климаттын өзгөрүшүнүн 2050-жылга карата айыл чарбасына, суу ресурстарына жана энергетикага тийгизген таасиринин натыйжасында экономиканын жалпы жоготуулары жыл сайын ИДПнын 1,5 %дан 3 %га жетиши мүмкүн. Кыйла олуттуу жоготуулар айыл чарбасында жана гидроэнергетикада болжолдонууда, бул адаптациялоо жана кесепеттерди азайтуу боюнча шашылыш инвестицияларды талап кылат.
3-глава. Долбоордук портфель
Климаттык инвестициялык долбоорлор КИПтин максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун негизги куралы болуп саналат жана климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу жана анын таасирине ыңгайлашуу жаатында конкреттүү иш-чараларды ишке киргизүүгө, көмүртек рыногун жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган. Долбоорлорду ишке ашыруу программадан күтүлгөн натыйжаларга практикалык жетишүүнү камсыз кылат, анын ичинде парник газдарынын чыгышын кыскартуу, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, туруктуу инфраструктураны өнүктүрүү жана экономиканын ар түрдүү тармактарынын климаттык туруктуулугун бекемдөө. Климаттык долбоорлордун артыкчылыктуу портфели концепция форматында ЦКФ тарабынан кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн – мамлекеттик органдардын, жеке сектордун, эл аралык өнүктүрүү банктарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусу менен тандоонун натыйжасында түзүлгөн. Тандоо ЖКФнын жана башка фонддордун сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан критерийлердин негизинде, анын ичинде улуттук климаттык максаттарга, тираждоо потенциалына, мультипликативдик натыйжага жана ар кандай каржылоо булактарын тартуу жөндөмдүүлүгүнө ылайык жүргүзүлдү. КИПтин алкагында төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттарда долбоорлорду ишке ашыруу каралган: энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, туруктуу айыл чарба жана жер ресурстарын башкаруу, суу ресурстарын башкаруу жана климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, калдыктарды башкаруу жана циркулярдык экономиканы өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү. Улуттук климаттык долбоорлор:
- «Кыргыз Республикасында коомдук имараттарга аз көмүртектүү инвестициялык тобокелдиктерди азайтуу» – 25 млн АКШ доллары. Долбоор коомдук имараттар фондунун энергия натыйжалуулугун жогорулатууга, жылытуу системаларын модернизациялоого, имараттарда энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана материалдарды ишке киргизүүгө, ошондой эле маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүүгө багытталган;
- «Кыргыз Республикасынын аймагында экосистемалык адаптациянын жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруунун эсебинен климаттык туруктуулукту жогорулатуу» – 50 млн АКШ доллары. Долбоор деградацияланган экосистемаларды калыбына келтирүү, тоо этектерин бекемдөө, коргоочу курулмаларды куруу, алдын ала эскертүү системаларын түзүү жана жергиликтүү жамааттарды өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө окутуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууну карайт;
- «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында долбоорлорду жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн ЧОИни каржылоо» – 50 млн АКШ доллары. «Элдик Банк» ААК ЖКФнын каражаттарына түз жетүү үчүн аккредитация алды, бул чакан жана орто бизнеске күн панелдерин орнотуу, жабдууларды модернизациялоо, энергияны үнөмдөөчү жана башка климаттык технологияларды ишке киргизүү үчүн максаттуу кредиттерди берүүнү карайт;
- «Кыргыз Республикасынын турак жай секторунда парник газдарынын чыгындыларын кыскартуу» – 50 млн АКШ доллары. Долбоор турак жай фондунун энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга, жылытуу системаларын модернизациялоого, үй чарбаларында энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана материалдарды ишке киргизүүгө, ошондой эле калк менен маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүүгө багытталган;
- «Ысык-Көлдүн тоолуу регионунда экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жергиликтүү жамааттардын жашоо каражаттарын жакшыртуу аркылуу туруктуулукту жогорулатуу» – 54 млн АКШ доллары. Долбоор биотүрдүүлүктү сактоого, жайыт жана токой жерлерин туруктуу пайдаланууга, экологиялык туризмди жана жергиликтүү калк үчүн кирешенин альтернативдүү булактарын өнүктүрүүгө багытталган;
- «Бишкек шаарынын муниципалдык имараттарында энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана экологиялык таза технологияларды ишке киргизүү» – 8,87 млн АКШ доллары. Биргелешкен кредиттөө механизминин алкагындагы пилоттук көмүртек долбоору социалдык объекттерде жана административдик имараттарда энергиянын натыйжалуулугун камтыйт;
- «Туруктуу энергетикага өтүү үчүн инновациялык каржылоо (iFIRST)» – 50 млн АКШ доллары. Бул механизм жыйынтыкка багытталган төлөмдөргө негизделген, анын алкагында жыл сайын төлөмдөр көмүртек рыногунун алкагында, ишке ашырылуучу анын ичинде электр энергетикадагы реформалардын эсебинен жетишилген тастыкталган парник газдарынын чыгындыларын кыскартуу үчүн жүргүзүлөт;
- «Кыргызстанда климаттык жоготууларды жана зыянды компенсациялоо, ошондой эле экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү сактоо үчүн жайылма токойлорду калыбына келтирүү» – 5,8 млн АКШ доллары суммасында. Долбоор климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өсүп жаткан экономикалык жана экономикалык эмес жоготуулар көйгөйлөрүн маанилүү табигый буфердик зоналарды калыбына келтирүү аркылуу чечүүгө багытталган;
- «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда борбордон ажыратылган, климаттык оптималдаштырылган агынды сууларды тазалоо системаларына инвестицияларды көбөйтүү жана тобокелдиктерди азайтуу» – 25 млн АКШ доллары. Долбоор агынды сууларды тазалоого жана Ысык-Көлдү коргоо үчүн каржылоону түзүүгө багытталган;
- «Ала-Тоо – жаңы мүмкүнчүлүктөр жана туруктуу жыйынтыктар үчүн адаптивдүү ландшафттар жана агрожайыттарды өзгөртүү» – 20 млн АКШ доллары. Долбоор шалбаа жана токой экосистемаларына багытталган жана жаратылыш ресурстарын башкарууга комплекстүү мамилени сунуштайт. Ошондой эле улуттук парктарды туруктуу өнүктүрүүгө жана сактоого, адаптивдүү ландшафттарды өнүктүрүүгө, агрожайыттарды жаңыртууга жана туруктуу экологиялык чечимдерди калыптандырууга көңүл буруу пландалууда;
- «Кыргыз Республикасынын региондорунда катуу-тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» – 40 млн АКШ доллары. Полигондорду куруу, өзүнчө чогултууну киргизүү, органикалык калдыктарды кайра иштетүү;
- «Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтун жандандыруу» – 4 млн АКШ доллары. Лабораториялык базаны модернизациялоо, демонстрациялык участокторду түзүү жана адистерди окутуу;
- «Баткен облусунун аз өндүрүмдүү жерлеринде климатка туруктуу сугат системасын ишке киргизүү» – 35 млн АКШ доллары. Сугат системаларын калыбына келтирүү, суу үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча чаралардын комплекси;
- «Жашыл технологияларды жана органикалык дыйканчылыкты колдонуунун эсебинен жергиликтүү жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу» – 22 млн АКШ доллары. Фермерлерди окутуу, органикалык методдорду киргизүү, кооперативдерди түзүү;
- «Кыргыз Республикасынын арча жана карагай токойлорунун климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу» – 25 млн АКШ доллары. Токойлорду калыбына келтирүү, өрттөрдөн жана зыянкечтерден коргоо, ошондой эле токой питомниктерин түзүү.
Региондук климаттык долбоорлор:
- «Мөңгүлөрдөн фермаларга чейин». Долбоор Борбордук Азия, Түштүк Кавказ жана Пакистандын мөңгүлөргө көз каранды болгон аялуу жамааттары үчүн туруктуу суу менен камсыздоо жана айыл чарба системаларын түзүүгө багытталган;
- «Баарына туруктуу суу менен камсыздоо системалары (RWS4All): Кыргыз Республикасында жана Тажикстан Республикасында суу инфраструктурасын терең адаптациялоонун жолдору». Долбоор климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга багытталган, мында туруктуулук системанын динамикалык мүнөздөмөсү катары каралат;
- «Борбордук Азиядагы климатка туруктуу ландшафттар (Кыргыз Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Тажикстан Республикасында)». Калктын эң аялуу топторунун жана алар көз каранды болгон трансчек аралык экосистемалардын климаттык туруктуулугун жогорулатуу жана Борбордук Азияда айыл чарба, токой чарба жана жер пайдалануунун башка түрлөрүн климатка туруктуу өнүгүү багытына өзгөртүү.
Техникалык жардам көрсөтуу боюнча иш-чаралар:
- климаттын өзгөрүшүнө туруктуу долбоорлорго инвестициялоо жолу менен «Элдик Банк» үчүн адаптацияны каржылоо жана туруктуулукту жогорулатуу механизми, анын ичинде климаттык инвестициялык фонддордон (мындан ары – КИФ) жеңилдетилген каржылоону алуу;
- өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө – Азия өнүктүрүү банкынын мүчөлөрүндө энергетика секторунда жөнгө салууну илгерилетүү, ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана институционалдык потенциалын өстүрүү жолу менен энергетика секторунда координацияны жакшыртуу жана жөнгө салуучу реформаларды жүргүзүү;
- электромобилдүүлүк жана электромобилдер жаатында сунушталган улуттук стратегияга, ошондой эле электромобилдерди кубаттоочу инфраструктуранын жол картасынын негизиндеги аналитикалык өзгөчө көңүл буруу менен автомобиль, темир жол жана авиация транспортунун чакан секторлорунда транспортту декарбонизациялоого карата комплекстүү мамиле;
- 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында калдыктарды комплекстүү башкаруу жана циклдүү экономикага өтүү боюнча жол карта. Максаты 2026–2030-жылдарга карата калдыктарды комплекстүү башкаруу боюнча жол картаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу жолго салынган циклдүү экономикага өтүүгө негиз түзүү болуп саналат;
- жоготууларды жана зыянды эсептөөнүн бирдиктүү методологиясын иштеп чыгуу, адаптациялоо жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин электрондук системасына интеграциялоо. Ошондой эле бул методологияны бардык региондордо бирдей колдонууну камсыз кылуу боюнча улуттук жана жергиликтүү адистерди окутуу уюштурулат. Жакшыртылган санариптик интеграция реалдуу убакыт режиминде отчеттуулукту камсыз кылууга, маалыматтардын сапатын жогорулатууга жана талдоону тездетүүгө мүмкүндүк берет;
- катуу тиричилик калдыктарын жүгүртүү чөйрөсүндө экологиялык жагдайды жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоого кошумча каржылоо (SWEEP). Сунушталган пилоттук долбоор Кара-Балта шаарындагы таштанды полигонунда метан чыгындылары төмөн деңгээлдеги технологияны жана экологиялык таза технологияны ишке киргизет;
- чакан масштабдагы күн энергетикалык системаларын электр тармагына кошууда административдик тоскоолдуктарды жоюу жана жеке секторду колдоо боюнча стандарттык чечимдерди иштеп чыгуу. Долбоор жеке сектор, баарынан мурда үй чарбалары тарабынан бөлүштүрүлгөн күн генерациясын тездетип ишке киргизүүнү колдоого багытталган. Бул максатка жетүү үчүн эки негизги багыт каралган: аналитикалык блок жана практикалык колдоо;
- Борбордук Азия жана Тынч океан регионунда туруктуу жана аз көмүртектүү энергетикалык өтүүгө укуктук даярдыкты чыңдоо. Техникалык жардамдын максаты электромобилдердин батареяларын кайра иштетүү үчүн жакында ишке киргизилген жыйымды чыңдоо үчүн кошумча мыйзамдык жана ченемдик реформаларды жүргүзүү, анын ичинде кызмат өтөө мөөнөтү аяктагандан кийинки утилизация үчүн жоопкерчиликти белгилөө жана батареялардын негизинде энергияны сактоо системалары жана көчө жарыктандыруусу сыяктуу кайра колдонуу жана калыбына келтирүү жолу менен камсыз кылуу.
Долбоорлорду ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, эл аралык финансы институттарынын, донордук уюмдардын, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. Мындай өнөктөштүк финансылык ресурстарды мобилизациялоого, инновациялык чечимдерди ишке киргизүүгө жана климаттык демилгелерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ошентип, КИП долбоорлору мамлекеттик климаттык, жашыл жана көмүртек саясатын ишке ашыруунун практикалык негизин түзөт жана туруктуу өнүгүү, парник газдарынын чыгындыларын кыскартуу жана экономиканын климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туруктуулугун жогорулатуу жаатында стратегиялык максаттарга жетүүнү камсыз кылат.
4-глава. Каржылоо булактары
КИПти каржылоо – бул климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана анын таасирине адаптация жаатындагы иш-чараларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган финансылык механизмдердин жана ресурстардын булактарынын жыйындысы болуп саналат. Натыйжалуу каржылоо системасы КИПти ийгиликтүү ишке ашыруунун жана коюлган климаттык максаттарга жетүүнүн негизги шарттарынын бири болуп эсептелет. 2026–2030-жылдарга КИПке киргизилген долбоорлорду ишке ашыруу максатында тартуу үчүн зарыл болгон каржылоонун жалпы көлөмү техникалык жардамды жана региондук долбоорлорду эсепке албаганда болжол менен 427,170 млн АКШ долларын түзөт. Аталган сумма эл аралык өнөктөштөр тарабынан буга чейин жактырылган, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана долбоордук сунуштарды даярдоо баскычында турган каражаттарды камтыйт. КИПти каржылоонун негизги булактары:
- ЖКФ – Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана адаптациялоо чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашырууну каржылоочу негизги өнөктөш. Фонддун портфелинде турак жай секторунун энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу, экосистемалык адаптацияны өнүктүрүү, суу жана токой ресурстарын туруктуу башкаруу, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактарын киргизүүдө чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча улуттук жана региондук демилгелер бар. Каржылоо гранттар жана төмөнкү пайыздык ставкалар менен узак мөөнөткө жеңилдетилген кредиттер түрүндө берилет;
- КИФ – аз көмүртектүү жана туруктуу климаттык өнүгүүгө өтүүдө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоо үчүн донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу көп тараптуу программа. Каражаттар өнүктүрүү банктары аркылуу адаптациялоо, кайра жаралуучу энергетика жана токойду туруктуу пайдалануу боюнча пилоттук долбоорлорго багытталат. Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча пилоттук программага катышат;
- Адаптация фонду – алсыз өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча долбоорлорду каржылоо үчүн түзүлгөн. Адаптация фондунун каражаттары туруктуу айыл чарбасын, суу ресурстарын башкарууну, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууну жана экосистемаларды калыбына келтирүүнү колдоого багытталат. Кыргыз Республикасында Адаптация фондунун колдоосу менен айыл чарбанын туруктуулугун жогорулатуу жана жайыттарды башкаруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда;
- Жоготуулардын жана зыяндын ордун толтуруу үчүн фонд – климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында келип чыккан кайтарылгыс экономикалык жана экономикалык эмес жоготууларга дуушар болгон бир кыйла алсыз өлкөлөргө финансылык жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Фонддун каражаттары климаттык кырсыктардан кийин калыбына келтирүүгө, экосистемаларга келтирилген зыянды компенсациялоого жана жабыркаган жамааттарды колдоого багытталат;
- Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) – энергиянын натыйжалуулугу, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, транспорт жана шаарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду колдойт. АӨБ жеңилдетилген кредит берүү жана техникалык жардам көрсөтүү инструменттерин колдонот. АӨБ Кыргызстанда электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү тармактарын модернизациялоону, муниципалдык имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууну, ошондой эле суу менен туруктуу камсыздоо жана санитария боюнча долбоорлорду каржылайт;
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (мындан ары – ЕРӨБ) – жашыл экономиканы каржылоо программасын ишке ашырып, жергиликтүү банктар аркылуу энергиянын натыйжалуулугуна жана кайра жаралуучу энергияга инвестицияларды колдоо үчүн кредиттик линияларды берет. ЕРӨБ Бишкек жана Ош шаарлары үчүн туруктуу шаардык инфраструктураны, энергетиканы жана транспортту өнүктүрүүгө багытталган «Жашыл шаар» программасына катышат, ошондой эле долбоорлорду даярдоого жана потенциалды жогорулатууга техникалык жардам көрсөтөт;
- Дүйнөлүк банк (мындан ары – ДБ) – аз көмүртектүү өнүгүүнү колдоонун рыноктук механизмдердин түзүүгө багытталган инновациялык каржылоо долбоорлоруна катышат. ДБ Кыргызстанда туруктуу энергетика, суу ресурстарын башкаруу, айыл чарбасы жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жаатындагы демилгелерди колдойт, ошондой эле бюджеттин «жашыл» маркалоосун ишке киргизүүгө жана климаттык чыгымдарга мониторинг жүргүзүү системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) – айыл чарбасы, абанын сапатын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана айыл аймактарын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду колдойт. Каржылоо негизинен грант түрүндө берилип, илимий-изилдөө институттарын модернизациялоону, демонстрациялык участокторду түзүүнү, адистерди окутууну жана жабдууларды жеткирүүнү камтыйт;
- Япониянын фонду жана Япония Өкмөтү JICA жана башка механизмдер аркылуу энергиянын натыйжалуулугу, анын ичинде муниципалдык имараттарды модернизациялоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду, ошондой эле суу менен камсыздоо, транспорт жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жаатындагы демилгелерди колдойт. Каржылоо гранттар, жеңилдетилген кредиттер жана техникалык жардам түрүндө берилет;
- башка климаттык фонддор жана өнүктүрүү банктары.
КИПти ишке ашыруу үчүн колдонулуучу финансылык инструменттер төмөнкүлөрдү камтыйт:
- эл аралык климаттык фонддордун жана эки тараптуу өнөктөштөрдүн гранттары – адаптациялык эффекти жогору, бирок коммерциялык кирешелүүлүгү төмөн долбоорлор үчүн (токойлорду калыбына келтирүү, биотүрдүүлүктү сактоо, институттук чыңдоо);
- көп тараптуу өнүктүрүү банктарынын жеңилдетилген кредиттери – узак мөөнөттүү экономикалык кайтарымы бар инфраструктуралык долбоорлор үчүн (суу сактагычтар, электр тармактары, имараттардын энергиялык натыйжалуулугу);
- аралаш каржылоо – капиталга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн гранттык жана кредиттик каражаттарды айкалыштыруу.
Каражаттарды тартууну координациялоону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана тармактык министрликтер менен өз ара аракеттенүүдө ККБ жүзөгө ашырат. Бардык улуттук жана региондук долбоорлор зарыл болгон учурда, ошондой эле каржылоочу уюмдардын талаптарына жана улуттук мыйзамдарга ылайык Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында макулдашуу жол-жобосун кошкондо, милдеттүү түрдө экологиялык жана социалдык экспертизадан өткөрүлөт. Ошентип, КИПти каржылоо системасы зарыл болгон финансылык ресурстарды мобилизациялоого, инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана туруктуу, аз көмүртектүү өнүгүү моделине өтүүгө өбөлгө түзгөн климаттык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга багытталган.
5-глава. Ишке ашыруу
КИПти ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн, донордук уюмдардын, финансылык институттардын жана жеке сектордун комплекстүү өз ара аракеттенүүсү аркылуу жүзөгө ашырылат. Мындай көп деңгээлдүү ыкма аракеттерди натыйжалуу координациялоону, финансылык ресурстарды мобилизациялоону жана климатка багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнү камсыз кылат. КИПти ишке ашыруунун негизи болуп климаттык саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын ортосунда ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликтерди так бөлүштүрүүнү караган институттук координациялоо механизми саналат. Программаны ишке ашырууда ар түрдүү булактардан, анын ичинде республикалык бюджеттен финансылык ресурстарды, эл аралык финансылык жардамды, донордук уюмдардын каражаттарын, ошондой эле жеке сектордун инвестицияларын тартуу маанилүү ролду ойнойт. Эл аралык өнөктөштөрдүн жана донорлордун катышуусу алдынкы технологияларды ишке киргизүүгө, институттук потенциалды өнүктүрүүгө жана климаттык долбоорлорду каржылоонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. КИПти ишке ашырууну координациялоо үчүн жооптуу орган болуп ККБ эсептелет. ККБ төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
– климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана анын кесепеттерине адаптациялоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду иштеп чыгуу жана коштоо;
– мамлекеттик органдар, эл аралык жана финансы уюмдары, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, бизнес түзүмдөр, билим берүү жана илимий мекемелер менен климаттык демилгелерди даярдоо жана климаттык каржылоону тартуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
– климаттык долбоорлорго жана программаларга мониторинг жүргүзүү;
– климаттын өзгөрүшү маселеси боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү;
– ЖКФ жана башка эл аралык климаттык жана экологиялык фонддор тарабынан каржылануучу программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;
– коомдун климаттын өзгөрүшү жаатында маалымдуулугун жогорулатуу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 579 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому менен ККБнын функциялары Париж макулдашуусунун 6.2-беренесинин алкагында жашыл экономика жана көмүртек рыногу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга жана илгерилетүүгө көмөктөшүү, ошондой эле Япония жана Корея Республикасы менен көмүртек долбоорлорун илгерилетүү боюнча биргелешкен комитеттердин катчылыгынын функцияларын аткаруу бөлүгүндө кеңейтилген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 487 «Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеши жөнүндө» токтомуна ылайык Координациялык кеңеш мамлекеттик климаттык саясат чөйрөсүндөгү ведомстволор аралык координациялык орган болуп саналат. Координациялык кеңеш Улуттук деңгээлде аныкталган салымды (УДАС 3.0) иштеп чыгууга жана ишке ашырууга стратегиялык көзөмөлдү жүргүзөт, тармактык министрликтердин ишин координациялайт, негизги долбоордук документтерди бекитет жана КИПти ишке ашыруунун жүрүшү боюнча отчетторду карайт. Долбоорлорду жана концепцияларды практикалык даярдоону камсыз кылуу үчүн ККБнын алдында Долбоорлорду даярдоо фонду (мындан ары – ДДФ) иш жүргүзөт, ал мамлекеттик жана жеке субъекттерге экономикалык жактан негизделген климаттык демилгелерди иштеп чыгууда идеядан тартып каржылоого даярдык баскычына чейин кызмат көрсөтөт. ДДФ эл аралык инвесторлордун критерийлерине жана талаптарына жооп берген долбоорлорду түзүүдө, анын ичинде алдын ала техникалык-экономикалык негиздемелерди, логикалык түзүмдөрдү, кызыкдар тараптардын катышуусунда мониторинг жүргүзүү жана координациялоо системаларын иштеп чыгууга көмөктөшөт. ДДФ иштеген мезгилде 20дан ашык долбоордук сунуштарды даярдоого колдоо көрсөткөн, алардын айрымдары донорлор тарабынан жактырылган. ККБнын консалтинг-окутуу бөлүмү мамлекеттик кызматчылардын, финансы мекемелеринин өкүлдөрүнүн, жеке инвесторлордун, коомдук уюмдардын жана жергиликтүү жамааттардын климаттык каржылоо системасы тууралуу жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. Окутуу долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоо, инвестициялык чечимдерге климаттык критерийлерди интеграциялоо, гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия маселелерин камтыйт. Бөлүм жыл сайын 500гө жакын катышуучуну камтыган кеминде 10 тренинг жана семинар өткөрүүнү пландоодо. ЖКФнын каржылоосуна жетүү үчүн улуттук, региондук жана эл аралык аккредитацияланган уюмдар тартылат. Кыргыз Республикасында түз жеткиликтүүлүк боюнча улуттук орган статусуна 2024-жылдын 5-мартында аккредитацияланган Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ээ болуп, 10 миллиондон тартып 50 млн АКШ долларына чейинки долбоорлорду башкарууга ыйгарым укуктуу. АРИС айыл жергесинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда 20 жылдык тажрыйбага ээ жана фидуциардык жана экологиялык стандарттарды сактоо үчүн зарыл болгон жол-жоболорго ээ. 2026-жылдын март айынын аягында ЖКФнын Директорлор кеңеши өзүнүн жыйналышында «Элдик Банк» ААКсын аккредитациялоону жактырды, мунун өзү жеке сектордогу климаттык долбоорлорго кредит берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, өлкөдө БУУӨП, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ЕРӨБ, АӨБ, ДБ жана башка эл аралык аккредитацияланган уюмдар иш алып барып, ири жана татаал долбоорлор боюнча аткаруучу агенттиктер катары кызмат кыла алат. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн климаттык каржылоону тартуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө жобонун негизинде тармактык министрликтер, аккредитацияланган уюмдар жана каржылоочу институттар тарабынан жүзөгө ашырылат. Ар бир долбоор боюнча этаптарды, мөөнөттөрдү, жооптууларды жана максаттуу көрсөткүчтөр менен кеңири ишке ашыруу планы иштелип чыгат. Бардык катышуучулардын ортосунда үзгүлтүксүз маалымат алмашуу, координациялык кеңешмелерди жана отчеттук иш-чараларды өткөрүү камсыз кылынат. Ушундан улам, КИПти ишке ашыруу климаттык демилгелерди каржылоонун жана башкаруунун туруктуу системасын түзүүгө багытталып, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана ага адаптациялоо боюнча улуттук жана эл аралык максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөт.
6-глава. Ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү
КИПтин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү КИПти башкаруу системасынын маанилүү элементи болуп саналат жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы иш-чараларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун ачык-айкындуулугун, натыйжалуулугун жана жыйынтыгын камсыз кылууга багытталган. Мониторинг жүргүзүү системасы КИПти ишке ашыруу прогрессин үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү, жетишилген жыйынтыктарды баалоону, ошондой эле пландалган көрсөткүчтөрдөн мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана четтөөлөрдү өз убагында аныктоону камсыз кылат. ККБ өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык КИПтин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү жалпы координациялоону ишке ашырат. ККБнын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
– КИПтин бардык компоненттери үчүн жыйынтыкка негизделген натыйжалуулукка мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
– ар бир долбоордун статусун, анын ичинде мөөнөттөрдүн сакталышын, финансылык каражаттардын өздөштүрүлүшүн, аралык жана акыркы жыйынтыктарга жетүүнү көзөмөлдөө;
– КИПти ишке ашыруунун жыйынтыктарын баалоо жана жалпылоо, ийгиликтүү тажрыйбаларды жана көйгөйлүү тармактарды аныктоо;
– алынган жыйынтыктарды жана сабактарды улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги бардык кызыкдар тараптарга жайылтуу;
– Координациялык кеңеш, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана эл аралык өнөктөштөр үчүн үзгүлтүксүз отчетторду даярдоо.
ККБ ошондой эле ведомстволук жана долбоордук деңгээлдерде мониторинг жүргүзүүнү методологиялык жактан коштоп турат. Тармактык министрликтер ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча баштапкы маалыматтарды чогултат, мөөнөттөрдүн жана бюджеттердин сакталышын көзөмөлдөйт, бекитилген индикаторлорго ылайык максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүнү баалайт. Ишке ашыруучу уюмдар (аккредитацияланган органдар, аткаруучу агенттиктер) каржылоочу уюмдардын талаптарына ылайык ички мониторинг жүргүзөт, анын ичинде ишке ашыруунун жүрүшү боюнча үзгүлтүксүз отчетторду, финансылык отчетторду жана таасир боюнча отчетторду даярдоону камсыз кылат. Мониторинг жүргүзүүнүн маанилүү бөлүгү болуп эл аралык өнөктөштөрдүн жана донордук уюмдардын катышуусу саналат, алар эксперттик жана методологиялык колдоо көрсөтүп, ошондой эле ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жана программалык иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоого катыша алат. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү, финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана ага адаптациялоо жаатындагы стратегиялык максаттарга жетүүнү камсыз кылуу үчүн колдонулат. ККБ КИПти ишке ашыруунун жүрүшү боюнча отчетторду жылына кеминде эки жолу Координациялык кеңешке даярдоону жана берүүнү камсыз кылат. Мындан тышкары, тиешелүү маалыматтар Кыргыз Республикасы тарабынан Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясына берилүүчү эки жылдык транспаренттүүлүк боюнча отчетторго, ошондой эле туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу жөнүндө улуттук баяндамаларга киргизилет. Ошентип КИПтин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү системасы КИПтин ишке ашырылышын системалуу контролдоону камсыз кылат, климаттык инвестициялардын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөт жана климаттык саясатты башкаруунун институттук механизмдерин чыңдайт.
7-глава. КИПке киргизилген долбоорлорду ишке ашырууга күтүлүүчү натыйжалар
Парник газдарынын чыгындыларын кыскартуу чөйрөсүндө:
- ЖКФнын алты долбоорун ишке ашыруунун эсебинен долбоорду ишке ашыруунун бүткүл мезгилинде 13,3 млн чейин көлөмдө CO₂-эквивалентиндеги чыгындыларды кыскартуу камсыз кылынат, ал эми бенефициарлардын жалпы саны 1,61 млн адамга чейин жетет;
- «Энергияны берүү жана бөлүштүрүү инфраструктурасын чыңдоо жана модернизациялоо» долбоору тармактардагы жоготууларды 1 %га кыскартууга мүмкүндүк берет, мунун өзү долбоорду ишке ашыруу мезгилинде кошумча 0,5 млн CO₂-эквивалентиндеги чыгындыларды азайтат;
- айыл чарбасындагы долбоорлор (туруктуу мал чарбачылыгы, органикалык дыйканчылык) метан жана азот кычкылынын чыгындыларын 2,2 млн CO₂-эквивалентине (ишке ашыруу мезгилинде) чейин кыскартат жана өлкөнүн 150 миң жаранына пайда алып келет.
Суу ресурстары жана ирригация чөйрөсүндө:
- долбоордук аймактарда суу үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү тиешелүү райондордогу сугат жерлеринин 3 %дан кем эмесин камтып, суу ресурстарын 25 %га чейин үнөмдөөнү камсыз кылат;
- кеминде 55 миң айыл тургунуна сугат сууга жеткиликтүүлүк жакшыртылып, алардын кирешеси жана азык-түлүк коопсуздугу жогорулайт.
Климаттын өзгөрүшүнө адаптация жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу чөйрөсүндө:
- жогорку коркунуч аймактарында жашаган кеминде 500 миң тургун сел, суу ташкындары жана жер көчкү коркунучтарынан корголот. Бул экосистемалык адаптация чараларын ишке ашыруу, коргоочу курулмаларды куруу, эрте эскертүү системаларын түзүү жана башка демилгелер аркылуу камсыз кылынат;
- климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу боюнча чаралар (токойлорду калыбына келтирүү, өрттүн алдын алуу, зыянкечтерден коргоо) менен камтылган токой аянты 30 миң гектарга чейин жетет.
Айыл чарба чөйрөсүндө:
- 20 миңге чейин фермердик чарбалар климаттык оптималдаштырылган технологияларды (суу үнөмдөө, органикалык дыйканчылык, жакшыртылган сорттор, жайыттарды ротациялоо) ишке киргизет;
- кайра жандандырылып жаткан Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун базасында лабораторияларды, демонстрациялык участокторду жана окутуу борборун камтыган заманбап илимий-изилдөө базасы түзүлөт.
Калдыктарды башкаруу чөйрөсүндө:
- катуу тиричилик калдыктары үчүн 5 полигонго чейин курулат же модернизацияланат, пилоттук калктуу конуштарда калдыктарды өзүнчө чогултуу системалары киргизилет;
- органикалык калдыктарды кайра иштетүүнүн көлөмү жылына 20 миң тоннага жетип, бул метан чыгындыларын кыскартууга жана органикалык жер семирткичтерди өндүрүүгө мүмкүндүк берет.
Финансылык жыйынтыктар:
- бекитилген долбоорлор портфелин ишке ашырууга 427,170 млн АКШ долларына чейин эл аралык климаттык каржылоону тартуу;
- улуттук финансы институттары аркылуу көлөмү 50 млн АКШ долларына чейин жеткен туруктуу жашыл кредит берүү механизмдерин түзүү.
Институттук жыйынтыктар:
- ККБнын консалтинг-тренинг бөлүмү аркылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү жамааттардын жана жеке сектордун кеминде 700 адисин климаттык каржылоо жаатында даярдоо;
- улуттук аккредитацияланган уюмдардын (АРИС, «Элдик Банк» ААК) ЖКФнын долбоорлорун башкаруу боюнча потенциалын чыңдоо.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2023 · № 649
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 487 "Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери…Постановление · 12.08.2025 · № 487
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 420-т ( Климаттык инвестициялык программаны жана 2026–2030-жылдарга Климаттык инвестициялык программаны…Распоряжение · 09.06.2026 · № 420-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 "Кыргыз…Постановление · 11.09.2025 · № 579