Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 „Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 11-сентябры № 579 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө жободо:
– 8-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 125 “2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу” Мыйзамы менен ратификацияланган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусунун (мындан ары – Париж макулдашуусу) 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында инвестицияларды илгерилетүүгө, климаттын өзгөрүүсү жаатындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга, “жашыл” экономика жана көмүртек рыногунун долбоорлорун өнүктүрүүгө көмөктөшүү;”;
– 10-пунктта:
2-пунктчанын үчүнчү, төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “– Париж макулдашуусунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча долбоорлорду, “жашыл” экономика жана көмүртек рыногунун долбоорлорун каржылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;
– Париж макулдашуусунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө сунушталган жана ишке ашырылган долбоорлорго, “жашыл” экономика жана көмүртек рыногунун долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүгө;”;
8-пунктча “климаттын өзгөрүүсү” деген сөздөргө чейин “Париж макулдашуусунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында “жашыл” экономика жана көмүртек рыногу долбоорлору,” деген сөздөр менен толукталсын;
– 11-пункттун 7-пунктчасы “долбоорлорду жана программаларды” деген сөздөрдөн кийин “, анын ичинде Париж макулдашуусунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында “жашыл” экономика жана көмүртек рыногу долбоорлорун” деген сөздөр менен толукталсын;
– 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15. Климаттык борбордун директорунун бир орун басары болот, ал директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директордун орун басары Климаттык борбордун директоруна түздөн-түз баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде ишти уюштурат. Климаттык борбордун директору жок учурда анын функцияларын ээлөө убактысы жөнүндө жазуу жүзүндөгү буйрукка ылайык директордун орун басары аткарат.”;
– 17-пунктта “орун басарлары” деген сөздөр “орун басары” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 69 (3725) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы N 649 токтомуна)Положение · 05.12.2023 · № 649
- 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын климаттык инвестициялык программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 420-т тескемесине 1-тиркеме)Приложение · 09.06.2026 · № 420-т
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2023 · № 649
- 2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралууЗакон · 11.11.2019 · № 125