Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасында электр тармактарын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарына жана «Кыргыз Республикасында электр тармактарын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 23-февралы № 103-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. 2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасында электр тармактарын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарына жана "Кыргыз Республикасында электр тармактарын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 103-т тескемеси менен жактырылган
2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасында электр тармактарын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарына жана "Кыргыз Республикасында электр тармактарын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасында электр тармактарын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталары (мындан ары - Алмашуу ноталары) жана "Кыргыз Республикасында электр тармактарын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашуу (мындан ары - Гранттык макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 12-14-пункттарына ылайык Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу ратификацияланууга тийиш. Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2025-жылдын 10-июнундагы № 6-6275 чечими, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2025-жылдын 10-июнундагы № 6-6236 чечими, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин 2025-жылдын 4-июнундагы № 6-6075 чечими) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 873-т тескемеси менен жактырылган. Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга Япониянын Өкмөтүнүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун окуу борборунун окуу-материалдык базасын модернизациялоо жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон 1535000000 (бир миллиард беш жүз отуз беш миллион) япон йен суммасындагы гранттык каражаттарды тартуу максатында кол коюлду. Гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын электр тармактарынын ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылуучу электр энергетика тармагынын адистерин даярдоо жана кайра даярдоо деңгээлин жогорулатуу максатында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун окуу борборунун окуу-материалдык базасын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө багытталган. Гранттык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында төмөнкүлөр каралган:
- ZEB концепциясын колдонуу менен жаңы окуу имаратын куруу (нөлдүк энергияны керектөөчү имарат) - аянты 1000 кв.м түзгөн 17 кабинетти камтыган бир кабаттуу имарат;
- аталган Окуу борборунун 2 саатка чейин автономдуу иштөөсүн камсыз кылган 120 кВт кубаттуулуктагы фотоэлектр энергиясын генерациялоону жана кубаттуулугу 100 кВт болгон аккумулятордук энергетикалык системаларды киргизүү;
- мониторинг жүргүзүүгө, энергетика системасын эксплуатациялоону жана релелик коргоонун иштешине окутуу үчүн тренажерлорду орнотуу;
- деталдуу долбоорлоо, тендердик жол-жоболорду өткөрүү жана курулушту контролдоо үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
Гранттык макулдашууну ишке ашыруу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун окуу борборуна төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- энергетика системасын эксплуатациялоонун заманбап методдорун окутуу аркылуу ишенимдүү энергия менен камсыз кылуу жаатында тереңдетилген адистештирилген билимди жана практикалык тажрыйбаны камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын энергетика системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү алдынкы япон технологияларына негизделген окутуу системаларын пайдалануу;
- республиканы электр энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыз кылуу үчүн зарыл болгон квалификациялуу адистердин санын көбөйтүү максатында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун операторлорун окутуу үчүн окуу жабдууларын жана тренажерлорду жаңылоо;
- заманбап жабдууларды жана окутуунун алдынкы методдорун киргизүүнүн эсебинен окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
Гранттык макулдашуу 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жана 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын адистердин квалификациясын жогорулатуу, керектөөчүлөрдү электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоо чаралары бөлүгүндөгү артыкчылыктарына ылайык келет. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106