Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна 1-тиркеме)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 410 токтомуна)
Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү концепциясы
1-глава. Киришүү жана максаттар
Ушул Концепция мамлекеттик бийлик органдарынын, финансылык институттардын жана ишкердик ишинин субъекттеринин чечим кабыл алуу процесстерине экологиялык (Environmental), социалдык (Social) жана башкаруу (Governance) факторлорун системалуу интеграциялоого багытталган туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук системасынын (мындан ары – ESG системасы) болжолун, максаттарын, негизги принциптерин, институттук архитектурасын жана аны түзүү этаптарын белгилейт. ESG системасынын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– Кыргыз Республикасынын экономикасынын узак мөөнөттүү туруктуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана климаттык туруктуулугун жогорулатуу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору тарабынан инвестицияларды илгерилетүүгө, климаттын өзгөрүшү жаатындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга, жашыл экономика жана көмүртек рыногунун долбоорлорун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнүн алкагында туруктуу, жашыл жана климаттык каржылоо, анын ичинде финансылык инструменттерди жана механизмдерди тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
– чарба жүргүзүү субъекттери жана финансылык уюмдар тарабынан ачып көрсөтүлүүчү финансылык эмес маалыматтын ачык-айкындуулугун, салыштырмалуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу;
– жоопкерчиликтүү корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүүгө дем берүү жана экологиялык, социалдык жана башкаруу тобокелдиктерин азайтуу;
– Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин, анын ичинде Париж макулдашуусунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын алкагындагы милдеттенмелерин системалуу жана практикага багытталган түрдө ишке ашырууну камсыз кылуу.
2-глава. Терминология
Ушул Концепцияда төмөнкүдөй негизги терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат: ESG – иштин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу жана экологиялык, социалдык жана башкаруу тобокелдиктерин азайтуу максатында башкаруучулук, инвестициялык жана финансылык чечимдерди кабыл алууда экологиялык (Environmental), социалдык (Social) жана башкаруу (Governance) факторлорун эсепке алууну караган принциптердин жана мамилелердин жыйындысы; Environmental (Экологиялык факторлор) – уюмдун ишинин жаратылыш экосистемаларына тийгизген анын таасирин чагылдырган элементтери, анын ичинде климаттын өзгөрүшү, парник газдарынын чыгуулары, калдыктарды жана суу ресурстарын башкаруу маселелери, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу боюнча чаралар; Social (Социалдык факторлор) – уюмдун ишинин адамдар жана коом менен болгон анын өз ара аракеттенүүсүнө тиешелүү элементтери, анын ичинде эмгекти коргоону жана коопсуздукту камсыз кылуу, адам укуктарын сактоо, эмгек мамилелерин башкаруу, жергиликтүү коомдоштуктар менен өз ара аракеттенүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо; Governance (Башкаруу факторлору) – тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо системасын, башкаруу органдарынын түзүмүн жана иштешин, иштиктүү этиканы сактоону, ачык-айкындуулукту камсыз кылууну, коррупцияга каршы аракеттенүүнү жана акционерлердин укуктарын коргоону камтыган уюмдун корпоративдик башкаруу элементтери; Туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасы (ESG системасы) – Кыргыз Республикасынын экономикалык жана финансылык механизмдерине экологиялык, социалдык жана башкаруу жоопкерчилигинин принциптерин (ESG) системалуу интеграциялоого багытталган өз ара байланышкан ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын, институттардын жана уюштуруу процесстеринин жыйындысы; Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандарты – Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттер жана финансылык уюмдар тарабынан даярдалуучу финансылык эмес (туруктуу) отчеттуулуктун түзүмүнө, мазмунуна, даярдоо жана ачып көрсөтүү методологиясына карата милдеттүү талаптарды аныктаган бирдиктүү алкактык ченемдик документ; Кыргыз Республикасынын жашыл таксономиясы (КР жашыл таксономиясы) – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 246 токтому менен бекитилген, экономикалык иштин түрлөрүн экологиялык туруктуулук категорияларына киргизүү критерийлерин белгилеген жана жашыл жана туруктуу инвестициялардын салыштырмалуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган пилоттук жалпы улуттук классификатор; Париж макулдашуусу – 2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кабыл алынган климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча эл аралык келишим; Кош маанилүүлүк принциби – уюм тарабынан экологиялык, социалдык жана башкаруу (ESG) факторлорунун анын финансылык абалына жана ишинин натыйжаларына тийгизген таасири (финансылык маанилүүлүк) жөнүндө, ошондой эле анын ишинин коомго жана айлана-чөйрөгө тийгизген олуттуу таасири (таасирдин маанилүүлүгү) жөнүндө да маалыматты милдеттүү түрдө ачып көрсөтүүнү караган методологиялык мамиле; Туруктуу каржылоо – жашыл жана социалдык каржылоону өзүнө камтыган эл аралык термин; ESG-отчеттуулугун верификациялоо (аудит) – туруктуу өнүктүрүү жөнүндө отчетто (ESG-отчетто) берилген маалыматтын аныктыгын, толуктугун жана белгиленген ченемдик талаптарга жана методологиялык критерийлерге шайкештигин көз карандысыз текшерүү жана ырастоо жол-жобосу; ESG жаатындагы негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (KPI) – экологиялык, социалдык жана башкаруу (ESG) факторлорун интеграциялоодо жана башкарууда уюмдун натыйжалуулугун баалоо үчүн арналган сандык же сапаттык өлчөнүүчү көрсөткүчтөр; «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК – эмитенттерге карата талаптарды, анын ичинде экологиялык, социалдык жана башкаруу (ESG) факторлору жаатындагы маалыматты кошо алганда, маалыматты ачып көрсөтүү эрежелерин белгилөөгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен тооруктарды уюштуруучу; GRI Standards (Отчеттуулук боюнча глобалдык демилге стандарттары) – уюмдун ишинин экономикага, айлана-чөйрөгө жана коомго тийгизген таасири жөнүндө маалыматты системалуу ачып көрсөтүүгө багытталган туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү отчеттуулукту даярдоонун эл аралык таанылган стандарттары; IFRS S1 жана IFRS S2 – Туруктуу өнүктүрүү стандарттары боюнча эл аралык кеңеш (ISSB) тарабынан иштелип чыккан туруктуу өнүктүрүү жаатындагы эл аралык отчеттуулук стандарттары. IFRS S1 туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан маалыматты ачып көрсөтүүгө карата жалпы талаптарды белгилейт, ал эми IFRS S2 климаттык тобокелдиктерге жана уюмдун климатка тийгизген таасирине тиешелүү маалыматты ачып көрсөтүүгө карата өзгөчө талаптарды аныктайт; TCFD (Климатка байланышкан финансылык маалыматты ачып көрсөтүү боюнча максаттуу топ) – компаниялар жана инвесторлор үчүн климаттык факторлордун ачык-айкындуулугун жана башкарылуучулугун жогорулатууга багытталган климаттык тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматты ыктыярдуу ачып көрсөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыккан эл аралык уюм; ТӨМ – Бириккен Улуттар Уюмунун аныктамасында Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүктүрүү максаттары.
3-глава. ESG системасынын принциптери
ESG системасын түзүү жана иштетүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- кош маанилүүлүк принциби – ESG-тобокелдиктеринин уюмдун ишине тийгизген финансылык таасирин, ошондой эле уюмдун өзүнүн коомго жана айлана-чөйрөгө тийгизген олуттуу таасирин да эсепке алуу;
- прогрессивдүү киргизүү принциби – мамлекеттик сектор, система түзүүчү жана ачык компаниялар үчүн артыкчылыгы бар талаптарды кийин башка чарба жүргүзүү субъекттерине жайылтуу аркылуу этап-этабы менен киргизүү;
- шайкештик принциби – ESG улуттук алкактарынын туруктуу өнүктүрүү жаатындагы негизги эл аралык стандарттарга жана алдынкы практикаларга шайкештигин камсыз кылуу;
- жөнгө салуучу макулдашылгандык принциби – ар кандай жөнгө салуучулар менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан түзүлүүчү талаптардын өз ара толукталышын жана карама-каршы келбестигин белгилөө;
- жеткиликтүүлүк принциби – чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн алардын улуттук ESG-системасына катышуусун камсыз кылуу максатында жөнөкөйлөтүлгөн киргизүү механизмдерин түзүү жана колдоо көрсөтүү.
4-глава. ESG системасынын ченемдик-методикалык базасынын архитектурасы
ESG системасы үч деңгээлдүү түзүм катары түзүлөт:
- Базалык деңгээл (Жашыл таксономия) – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 246 токтому менен бекитилген пилоттук жалпы улуттук классификатор (КР жашыл таксономиясы), ал экономикалык иштин экологиялык туруктуу түрлөрүн идентификациялоо жана классификациялоо үчүн негиз болуп кызмат кылат;
- Жөнгө салуучу деңгээл – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК тарабынан өз компетенциясынын чегинде иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү финансылык жана фондулук рыноктор үчүн адистештирилген талаптар жана стандарттар;
- Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандарты – ушул Концепциянын 5-главасында саналып өткөн уюмдар колдонуу үчүн милдеттүү болгон финансылык эмес отчеттуулук боюнча бирдиктүү алкактык документ.
ESG системасынын талаптарын колдонуу иерархиясы. Эгерде уюм ESG системасынын бир нече деңгээлин колдонууга туура келсе, ал бардык тиешелүү талаптарды сактоого милдеттүү. Ошол эле учурда жөнгө салуучулар (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК) тарабынан алардын компетенциясынын алкагында белгиленүүчү адистештирилген ченемдер жана стандарттар өзүнүн жөнгө салуу чөйрөсүндө артыкчылыктуу мааниге ээ болот.
5-глава. Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандартын колдонуу чөйрөсү
Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандарты 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү концепциясын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын ведомстволор аралык планында белгиленген тартипте уюмдардын төмөнкүдөй категориялары үчүн милдеттүү болуп саналат:
– мамлекеттик ишканалар жана уюмдар, фонддор, ошондой эле мамлекеттик үлүшү 50 %дан ашык болгон акционердик коомдор;
– Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталуучу ири салык төлөөчүлөр;
– уюштурулган тооруктарга уруксат берилген баалуу кагаздардын эмитенттери;
– мамлекеттин катышуусу менен же эл аралык финансылык уюмдардын каржылоосун тартуу менен долбоорлорду ишке ашыруучу уюмдар мындай долбоорлор бөлүгүндө.
Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандартын башка ишкердик субъекттери тарабынан колдонуу ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
6-глава. Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандартынын негизги элементтери
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыккан Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандарты төмөнкүдөй элементтерди камтууга тийиш:
- Методологиялык негиз – Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандарты кош маанилүүлүк принцибине негизделет жана GRI Standards (комплекстүү финансылык эмес отчеттуулук үчүн), IFRS S1 жана IFRS S2 (инвесторлордун кызыкчылыктары үчүн туруктуу өнүктүрүү жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү үчүн) негизги эл аралык стандарттары, ошондой эле TCFD сунуштамалары менен шайкеш келет;
- Отчеттун түзүмү – ESG-тобокелдиктерин башкаруу, стратегия, маанилүүлүктү талдоо жөнүндө бөлүмдөрдүн мазмунуна карата, ошондой эле экологиялык (E), социалдык (S) жана башкаруу (G) багыттары боюнча көрсөткүчтөргө карата бирдиктүү талаптарды белгилейт;
- Жашыл таксономия менен интеграциялоо – отчеттуулуктун экологиялык блогу (E) КР жашыл таксономиясынын категориялары жана критерийлери боюнча классификацияланган түшкөн пайданы, капиталдык жана операциялык чыгымдарды сандык баалоону камтыйт;
- Маалыматтарга жана верификациялоого карата талаптар – көрсөткүчтөрдү чогултуу, эсептөө жана берүү стандарттарын аныктайт, ошондой эле аккредитацияланган уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу отчеттуулукту милдеттүү көз карандысыз верификациялоого (аудит) этап-этабы менен өтүүнү карайт;
- Тармактык өзгөчөлүктөр – конкреттүү негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (KPI) менен (финансылык сектор, кен казуу өнөр жайы, энергетика, агроөнөржай комплекси жана башка артыкчылыктуу тармактар үчүн) тармактык толуктоолорду иштеп чыгууну карайт.
7-глава. Институттук механизмдер
Ыйгарым укуктуу орган (координатор) – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандартын иштеп чыгат, бекитет жана актуалдаштырат;
- мамлекеттик органдардын ишин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору менен өз ара аракеттенүүнү координациялайт;
- кызыкдар тараптар үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен ESG-отчетторунун ачык реестрин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын экономикасына ESG принциптерин киргизүүнүн жүрүшү жөнүндө жылдык жыйынтыктоочу аналитикалык отчетту түзөт.
Туруктуу өнүктүрүү (ESG) боюнча ведомстволор аралык кеңеш (ыйгарым укуктуу органдын алдында түзүлөт):
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, Кыргызстан банктар бирлигинин, Кен казуу жана геологиялык чалгындоо компаниялары ассоциациясынын, Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын, ошондой эле коомдук экологиялык уюмдардын өкүлдөрүн камтыйт;
- ESG системасын өнүктүрүү боюнча макулдашылган сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу, пилоттук долбоорлордун натыйжаларын баалоо, улуттук мамилелерди эл аралык стандарттар менен шайкеш келтирүү маселелерин кароо. Кеңештин чечимдери мамлекеттик органдар үчүн сунуштама мүнөзгө ээ.
Борбор жөнүндө жободо белгиленген өз компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- эл аралык жана ички климаттык каржылоого жетүү мүмкүндүгүн алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жашыл таксономиясынын жана Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандартынын критерийлерине шайкеш долбоорлорду даярдоодо мамлекеттик органдарга жана ишкердик субъекттерине методикалык, консультациялык жана эксперттик-аналитикалык колдоону;
- климаттык каржылоо, ESG-трансформациялоо жана КР жашыл таксономиясын колдонуу маселелери боюнча билим берүү программаларын жана иш-чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууну;
- климаттык каржылоону мобилизациялоо жана пайдалануу менен байланышкан бөлүгүндө ESG системасын киргизүүнүн жүрүшү жөнүндө жылдык жыйынтыктоочу аналитикалык отчетту түзүү үчүн аналитикалык маалыматты жана маалыматтарды берүүнү.
Өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК көзөмөлгө алынуучу уюмдар, анын ичинде банктар, камсыздандыруу компаниялары жана баалуу кагаздардын эмитенттери үчүн экологиялык, социалдык жана башкаруу (ESG) тобокелдиктерин башкарууга жана тиешелүү маалыматты ачып көрсөтүүгө карата талаптарды иштеп чыгат жана киргизет, ошол эле учурда бул талаптардын ушул Концепциянын жоболору менен макулдашылгандыгын камсыз кылат.
8-глава. ESG системасын түзүү жана киргизүү этаптары
I этап (2026–2027-жылдар) – институттук-методикалык этап:
- ушул Концепцияны жана Ведомстволор аралык планды бекитүү;
- Туруктуу өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык кеңешти түзүү (ESG);
- Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандартынын биринчи версиясын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- мамлекеттик компаниялар менен ири банктар арасында отчеттуулук боюнча пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү;
- ESG принциптери жөнүндө окутуу жана маалымдуулукту жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууну баштоо.
II этап (2028–2029-жылдар) – кеңейтүү жана верификациялоо:
- мамлекеттик сектор жана ири компаниялар тарабынан Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандартын милдеттүү колдонуу;
- пилоттук уюмдар үчүн ESG-отчеттуулугун милдеттүү көз карандысыз верификациялоого карата талаптарды киргизүү;
- Отчеттуулуктун улуттук ESG-стандартына тармактык толуктоолорду иштеп чыгуу жана киргизүү;
- КР жашыл таксономиясынын пилоттук колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо, пилоттук мезгилдин натыйжалары боюнча аны актуалдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо.
III этап (2030-жылдан кийин) – толук масштабдуу иштөө:
- жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген бардык уюмдар тарабынан верификацияланган ESG-отчеттуулугун милдеттүү түрдө колдонуу;
- ESG-маалыматтарын инвесторлор, кредиторлор жана мамлекеттик органдар тарабынан чечим кабыл алуу процесстерине толук интеграциялоо;
- ESG системасынын бардык элементтерине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, баалоо жана актуалдаштыруу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 246 Чет элдик инветистициялар общенациональный классификатор - Зеленая таксономияПостановление · 30.04.2025 · № 246
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 410 "Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү…Постановление · 11.06.2026 · № 410