Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү концепциясын жана 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү концепциясын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын ведомстволор аралык планын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-июну № 410
Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү концепциясын жана 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү концепциясын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын ведомстволор аралык планын бекитүү жөнүндө
Экономиканы туруктуу өнүктүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле айлана-чөйрөнү жана климатты коргоо чөйрөсүндө эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү концепциясы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү концепциясын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын ведомстволор аралык планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган Концепцияны ишке ашырууну координациялоо жана аталган Ведомстволор аралык планды аткарууну уюштуруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коомуна ESG жана туруктуу каржылоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды, методикалык сунуштамаларды жана стандарттарды иштеп чыгууда, актуалдаштырууда жана колдонууда ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Концепциянын жоболорун жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-июнундагы № 43 (3803) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Концепция · 11.06.2026 · № 410
- 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү концепциясын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын…Приложение · 11.06.2026 · № 410
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122