Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-майы № 375
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумун өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө жободо:
– 21-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3) Кызматтын ички иш тартибин жана Кызматтын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;»; 7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «7) белгиленген тартипте Кызматтын ведомстволук сыйлыктарын уюштурат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун түрлөрүн колдонот;»; төмөнкүдөй мазмундагы 121-пунктча менен толукталсын: «121) параюристтерди Кыргыз Республикасынын параюристтеринин реестрине киргизүү жана чыгаруу жөнүндө буйруктарды чыгарат;»; 13-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «13) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди токтото туруу, бузуу, адвокатка эскертүү берүү, адвокатты квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн убактылуу четтетүү жөнүндө буйруктарды чыгарат;».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 29-майындагы № 39 (3799) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 07.10.2022 · № 557
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122