Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-октябры № 557 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мамлекеттин саясатын ишке ашыруучу ведомстволук бөлүмүнүн ишин жакшыртуу максатында, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын ведомстволук мекемелеринин компетенциясына ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча алардын ишин координациялоону жүзөгө ашырат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
" Begin_nocompare
4
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
662
258
анын ичинде:
борбордук аппараты
94
27
аймактык бөлүмдөрү
124
189
ведомстволук бөлүмдөрү
444
42
1) 2022-жылдын 1-октябрынан тартып
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
677
258
анын ичинде:
борбордук аппараты
104
27
аймактык бөлүмдөрү
124
189
ведомстволук бөлүмдөрү
449
42
2) 2022-жылдын 1-декабрынан тартып
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
687
258
анын ичинде:
борбордук аппараты
104
27
аймактык бөлүмдөрү
124
189
ведомстволук бөлүмдөрү
459
42
3) 2023-жылдын 1-январынан тартып
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
722
258
анын ичинде:
борбордук аппараты
104
27
аймактык бөлүмдөрү
124
189
ведомстволук бөлүмдөрү
494
42
4) 2023-жылдын 1-июлунан тартып
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
735
261
анын ичинде:
борбордук аппараты
104
27
аймактык бөлүмдөрү
124
189
ведомстволук бөлүмдөрү
507
45
End_nocompare ".
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзүү жөнүндө" токтомунун 2, 5-7-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзүү…Постановление · 31.05.2017 · № 314
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557…Положение · 07.10.2022 · № 557
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-майы № 375 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 «Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.05.2026 · № 375
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым…Постановление · 30.01.2026 · № 42
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзүү…Постановление · 31.05.2017 · № 314
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 10.08.2022 · № 91
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.12.2022 · № 130
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-марты № 68 "Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 03.03.2021 · № 68 · Күчүн жоготкон