Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 423 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун айрым маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-июну № 395
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 423 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун айрым маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-майындагы № 168 тескемесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 423 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун 3-пунктчасында «75 %га чейин» деген сөздөр «100 % өлчөмүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда, ошондой эле кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 42 (3802) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун айрым…Постановление · 25.07.2024 · № 423
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык…Приложение · 05.06.2026 · № 395
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун айрым…Постановление · 25.07.2024 · № 423
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралууЗакон · 15.06.2011 · № 45
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-майындагы № 168 (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун негизги…Распоряжение · 13.05.2026 · № 168