Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 110-чуа буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 26-майы № 117-чуа
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 110-чуа буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүгө даярдыкты өз убагында аяктоо максатында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 04-4/2619 жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 20-31/3180 кайрылууларын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» (мындан ары – Курулуш министрлиги) жобону жетекчилике алуу менен, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 110-чуа буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: «3-1. Бул буйруктун 1-пунктунда бекитилген эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын аймагындагы жолдордун бардык түрлөрүн курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого жайылтылбайт.» Кыргыз Республикасынын аймагында жолдордун бардык түрлөрүн курууда, реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоодо 2023-жылдан 2025-жылга чейинки мезгил үчүн инфляциянын деңгээлинин (керектөө бааларынын индексинин) негизинде курулуш иштеринин сметалык наркынын өзгөрүү индекстеринин суммалык эсептөөлөрү колдонулат.».
2. Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө» токтому менен белгиленген тартипте ушул буйрукту расмий жарыялоону камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрүн эки нускада кагаз түрүндө жана электрондук түрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
4. Бул буйрук 2026-жылдын 30-апрелинен тартып күчүнө кирет, расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин https://egov.kg/ru/ministry/construction/npa сайтында 2026-жылдын 26-майында жарыяланды.
Министрдин биринчи орун басары
Б.Ч. Чолпонбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 9-февралы № 110-чуа "Курулуш иштеринин сметалык наркынын инфляция…Приказ · 09.02.2026 · № 110-нпа
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери…Постановление · 22.04.2025 · № 221
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117