Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 331 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 29-майы № 378 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 331 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 331 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу боюнча апробациялык режимге катышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин апробациялык режимде жөнгө салуунун убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу боюнча апробациялык режим 2026-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдун ишке ашырылышын 2026-жылга бекитилген бюджеттин алкагында камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 40 (3800) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин апробациялык режимде жөнгө салуунун убактылуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Временный порядок · 29.05.2026 · № 378
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу боюнча апробациялык режимге катышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык…Перечень · 29.05.2026 · № 378
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2025-жылдын 28-ноябрынын № 331 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча…Указ · 28.11.2025 · № 331
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122