1-берене
Күчүндө · 22.05.2026 редакциясы
«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/1, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берененин 2-бөлүгүндө:
а) экинчи абзацта «23-статьясында» деген сөздөр «5-статьясында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 9-берененин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат жана лицензиялоо жана электр байланышы жөнүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси менен жөнгө салынат жана лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 451-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«451-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жарандык мыйзамдарда жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте келип чыгат.
2. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралат.».
Берененин тексти 22.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (4)
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230046239/st-1" title="1-берене - Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>