Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин «Эксперименталдык объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча айрым маселелер жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 22-январы № 109-чуа
Эксперименталдык объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча айрым маселелер жөнүндө
Мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 01-9-2028 катынын негизинде, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлеринин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Төмөнкү объекттерди долбоорлоо жана куруу чет өлкөлүк курулуш ченемдерин, эрежелерин жана стандарттарын колдонууну эске алуу менен эксперименталдык деп эсептелсин:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы административдик имараты, Ч. Айтматов пр. 104а;
– Бишкек шаарындагы Башкы прокуратуранын административдик имараты, Ч. Айтматов пр. 104 б/1;
– Бишкек шаарындагы "Конгресс Холл" административдик имараты, Ч. Айтматов пр., 303/23а;
– Бишкек шаарындагы А. Масалиев проспектисинде жайгашкан “Бишкек Арена” футбол стадиону;
– Каракол шаарындагы "Каракол" Мейманкана комплекси, Күчүков Иса көчөсү;
– Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы "Хан-Теңири" мейманканасы;
–“Ала-Арча” Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы мейманкана;
– Бишкек шаары, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсү, № 4 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 Мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинин аймагындагы турак үйлөр.
2. Шаар куруу жана архитектура департаменти, Мамлекеттик экспертиза департаменти, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти белгиленген тартипте шаар куруу корутундусун алууга, долбоорду макулдашууга, мамлекеттик экспертизаны өткөрүүгө, ошондой эле объекттерди ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
3. Архитектура, контролдоо жана техникалык ченемдөө башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б.Турдугуловго жүктөлсүн.
5.Бул буйрук расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Н.К. Орунтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери…Постановление · 22.04.2025 · № 221
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.