Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү: бөлүштүрүлгөн жана микрогенерация» программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-майы № 332
«Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү: бөлүштүрүлгөн жана микрогенерация» программасын бекитүү жөнүндө
Энергетиканы туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, өлкөнүн энергетикалык балансында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн жогорулатуу, парник газдарынын чыгарылышын азайтуу, Кыргыз Республикасынын эл аралык климаттык милдеттенмелерин аткаруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактары секторуна инвестицияларды тартуу максатында, «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– «Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү: бөлүштүрүлгөн жана микрогенерация» программасы (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;
– Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
– Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо матрицасы (мындан ары – Мониторинг жүргүзүү матрицасы) 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
– Программаны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбалык субъекттердин жана донордук уюмдардын ишин координациялоону камсыз кылсын;
– ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча 1-февралдан кечиктирбестен Иш-чаралар планын жана Мониторинг жүргүзүү матрицасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө ар жылдык отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
3. Иш-чаралар планынын жана Мониторинг жүргүзүү матрицасынын жооптуу аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), уюмдар:
– Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
– тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин аймагында Программанын иш-чараларын ишке ашырууга көмөк көрсөтсүн;
– энергетиканы өнүктүрүүнүн жергиликтүү программаларын иштеп чыгууда энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну карасын жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн;
– мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги индикаторлору боюнча маалыматтарды белгиленген мөөнөттө чогултууну, иштеп чыгууну жана берүүнү камсыз кылсын;
– ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын жана Мониторинг жүргүзүү матрицасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берсин.
4. Иш-чаралар планынын жана Мониторинг жүргүзүү матрицасынын жооптуу аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоону 2026–2030-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде карасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
2-тиркеме
«Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү: бөлүштүрүлгөн жана микрогенерация» программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
№
Милдет
Чаралар
Аткаруу мөөнөтү
Күтүлүүчү натыйжалар (продукт)
Жооптуу аткаруучу
1-артыкчылык. Ченемдик базаны, тарифтик жана техникалык жөнгө салууну өркүндөтүү
1
Бааны жана тарифтик жөнгө салууну өркүндөтүү
1) ченемдик укуктук актыларга төмөнкүлөрдү караган түзөтүүлөрдү киргизүү:
– бөлүштүрүлгөн генерация жана микрогенерация субъекттери үчүн калк үчүн өткөн жылга орточо коюлган тарифтин деңгээлинде өзүнчө тарифти белгилөө, ошол эле учурда микрогенерация абоненттин жеке муктаждыктарын жабуу үчүн гана жүзөгө ашырылат, ал эми ашыкчасын ушул тариф боюнча тармакка өткөрүүгө жол берилет деп бекемделет; мындай иш ишкердик деп таанылбайт;
– «таза өлчөө» системасынын механизмдерин ишке киргизүү жана ЭКЭАС эсептегичтери/эки багыттуу эсептегичтер менен камтууну жогорулатуу;
– турмуш-тиричилик жана тиричилик эмес керектөөчүлөр менен өз ара эсептешүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү
2026-ж. IV кв.
Тарифтер бекитилди. «Таза өлчөө» механизми; эки багыттуу эсептегичтер ишке киргизилди
ЭМ (ЭМ караштуу ОЭКД), «КУЭТ» ААК
2
Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү
1) эл аралык стандарттарга негизделген улуттук стандарттарды иштеп чыгуу/кабыл алуу: IEC, ISO, EN, анын ичинде: – фотоэлектрдик модулдар (IEC 61215, 61730);
– инверторлор (IEC 62109, 62116);
– аз кубаттуулуктагы шамал турбиналары (IEC61400-1, 61400-2);
– жылуулук насостору (EN 14511, EN 14825);
– күн коллекторлору (ISO 9806);
– энергияны сактоо системалары жана аккумулятордук батареялар (IEC-62619, 62620)
2027-ж. IV кв.
Стандарттар кабыл алынды
ЭМ, ЭКМ, Кыргызстандарт
2) бөлүштүрүлгөн генерация жана микрогенерация үчүн тармактык эрежелерди, анын ичинде резервди автоматтык киргизүүнү (РАК) орнотууга талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү
2027-ж. IV кв.
ЭКБнын чакан генерациясын кошо алганда, тармактарды туташтыруунун жана эксплуатациялоонун бирдиктүү эрежелери белгиленди
ЭМ, «КУЭТ» ААК, ЭМ караштуу ЭКК
3) эл аралык жана региондук эрежелердин базасында ЭКБнын орнотмолору үчүн жергиликтүү шарттар менен бөлүштүрүлгөн генерациянын жана микрогенерациянын улуттук эрежелерин адаптациялоо жана кабыл алуу, анын ичинде эки багыттуу эсептегичтерге жана бөлүштөрүлгөн генерациянын жогорку үлүшү менен тармактардын коопсуздук эрежелерине талаптарды, ошондой эле экологиялык жана социалдык жоопкерчиликке талаптарды киргизүү
2027-ж. IV кв.
Бөлүштүрүлгөн генерациянын жана микрогенерациянын орнотмолору үчүн коопсуздук жана эсепке алуу эрежелери бекитилди. Жергиликтүү шарттарды эске алуу менен мыкты эл аралык практикалар колдонулууда. Тармактардын ишенимдүүлүгү жана иштөө коопсуздугу жогорулатылды
ЭМ, «КУЭТ» ААК, «КЭЭБ» ААК (макулдашуу боюнча), ЭМ караштуу ЭИИ
2-артыкчылык. Технологиянын жеткиликтүүлүгүн, локалдык өндүрүштү жана сервистик колдоону өнүктүрүү
3
Локалдык өндүрүштү өнүктүрүү
1) ЭКБнын жабдууларын өндүрүү үчүн инженердик жана сыноо инфраструктурасы менен пилоттук индустриалдык паркын түзүү
2027-ж. III кв.
Өндүрүш жана сыноо үчүн зарыл болгон инфраструктурасы бар индустриалдык парк түзүлдү
ЭКМ, ЭМ, ЖЭФ, билим берүү уюмдары
2) ЭКБ чөйрөсүндөгү стартаптарды конкурстук тандоо, гранттарды жана жеңилдетилген кредиттерди берүү
2027-ж. III кв.
ЭКБ чөйрөсүндөгү инновациялык стартаптар ишке киргизилди; локалдык бизнестерге дем берилди
ЖЭФ, ЭКМ, банктар
3) индустриалдык парктардын жана университеттер менен өнөктөштүктүн алкагында илимий-изилдөө ишин өнүктүрүү
2026-ж. –2028-ж. III кв.
Жаңы технологиялык чечимдер колдонулууда; жабдууларды жергиликтүү шарттарга адаптациялоо жакшыртылууда
ИЖБИМ, ЭКМ, ЭМ
4
ЭКБ жабдууларынын жеткиликтүүлүгүн жана тейлөө сапатын жогорулатуу
1) адистерди (электриктерди, сантехниктерди, инженерлерди) ЭКБнын жабдууларын өндүрүүгө, орнотууга жана тейлөөгө, анын ичинде региондук жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында окутуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2027-ж. IV кв.
ЭКБнын жабдууларын орнотуу жана тейлөө үчүн квалификациялуу адистер даярдалды
ИЖБИМ, ЭМ, билим берүү уюмдары
2) милдеттүү мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук менен ЭКБ демонстрациялык объекттерин ишке киргизүү
2028-ж. III кв.
ЭКБнын ишинин натыйжалуулугун изилдөө жана баалоо үчүн жеткиликтүү болгон көрсөтмөлүү үлгүлөр түзүлдү
ЭМ, ЖЭФ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭФИ
3) «КУЭТ» ААК менен бөлүштүрүлгөн генерация жана микрогенерация субъекттеринин ортосундагы Тейлөө деңгээли жөнүндө макулдашууга жана туташууга чектүү мөөнөттөрдү жана тарифтерди киргизүү
2027-ж. II кв.
Тейлөөнүн сапатын контролдоо менен туташтыруунун жол-жобосу регламенттелди
ЭМ, «КУЭТ» ААК
4) ЭКБнын жабдууларын эксплуатациялоодо, монтаждоодо жана жөндөөдө коопсуздук эрежелеринин талаптарынын сакталышын үзгүлтүксүз контролдоо
туруктуу негизде
Авариялар жана бузуулардын саны азайтылды, коопсуздук жогорулатылды
ЭМ караштуу ЭКК, «КУЭТ» ААК (макулдашуу боюнча)
5
Үй чарбалары жана ЧОИ үчүн узак мөөнөттүү жана арзан каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
1) узак мөөнөттүү жашыл кредиттерди, төлөө мөөнөтү 1–2 жылга жылдырылган кредиттерди жана ЭКБны каржылоонун жана субсидиялоонун башка жеңилдетилген механизмдерин ишке киргизүү
2026-ж. IV кв.
Бир жолку ири чыгымдарсыз ЭКБны массалык түрдө ишке киргизүү
Коммерциялык банктар, донордук уюмдар жана ЭФИ
2) ЭКБ-жабдуулардын лизингин жана иш жүзүндө иштелип чыккан энергияга акы төлөө схемаларын киргизүү
2027-ж. III кв.
Жабдууларды бир жолку ири чыгымдарсыз сатып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду
Коммерциялык банктар, ЭФИ, ЭМ
3) жашыл облигацияларды чыгаруу жана максаттуу эл аралык фонддорду тартуу
2028-ж. III кв.
ЭКБны масштабдуу өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу
Коммерциялык банктар, донордук уюмдар
4) банктардын алдында консультациялык борборлорду жана ЭКБны каржылоого өтүнмөлөр үчүн онлайн-платформаларды түзүү
2026-ж. IV кв.
Колдонуучуларды каржылоону тариздөөдө жана оптималдуу схемаларды тандоодо колдоо көрсөтүлүүдө
Коммерциялык банктар, ЭФИ
3-артыкчылык. Имараттарда жана инфраструктурада ЭКБга интеграциялоону өнүктүрүү
6
Имараттарды долбоорлоодо жана курууда ЭКБны колдонууну кеңейтүү
1) ЭКБга (күн коллекторлору, ФЭС, жылуулук насостору) интеграциялоо боюнча милдеттүү талаптар менен климаттык зоналарды эске алуу менен курулуш ченемдерин жана эрежелерин жаңылоо, алар имараттын энергиясын керектөөнү 20 пайыздан кем эмес жабууну камсыздайт. Курулуш ченемдерине «ЭКБ генерациясы менен имарат», «нөлдүк балансы бар имарат», «активдүү имарат» түшүнүктөрүн киргизүү
2027-ж. III кв.
Жаңы стандарттар кабыл алынды; имараттардын 80 пайызы үчүн энергетикалык паспорттор таризделди; жаңы долбоорлорго «активдүү имараттар» киргизилди
Кыргызстандарт, ӨКМ, ӨКМ караштуу Кыргызгидромет, Курулуш министрлиги, ЭМ, бюджеттик уюмдар, окуу жайлар
7
Мамлекеттик сектордо жана айыл жергесинде пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу
1) 11 мектепте, балдар бакчаларында, ооруканаларда жана административдик имараттарда ЭКБны орнотуу менен энергиянын натыйжалуулугун модернизациялоонун пилоттук долбоорлорунун сериясын ишке ашыруу
2030-ж. II кв.
Социалдык инфраструктуранын 11 имараты модернизацияланды
Курулуш министрлиги, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр
8
Имараттарга ЭКБны киргизүүгө дем берүү куралдарын өнүктүрүү
1) ФЭС, жылуулук насосторун, күн коллекторлорун, гибриддик ЭКБ от казандарын орнотууга гранттар, жеңилдетилген кредиттер аркылуу ЭКБны имараттарга киргизүүнү колдоо жана дем берүү механизмдерин кеңейтүү
2026-ж. III кв. –2030-ж. IV кв.
Турак жайда жана мамфонддо ЭКБны модернизациялоого жана ишке киргизүүгө дем берилди
Муниципалитеттер, банктар, ЭФИ
2) күн панелдерин, жылуулук насосторун, топтогучтарды жана ЭКБнын негизинде гибриддик чечимдерди колдонуу менен советтик фонддун имараттарын модернизациялоонун типтүү модулдук долбоорлорун иштеп чыгуу
2027-ж. III кв.
ЭКБны колдонуу менен турак жай фондун модернизациялоо тездетилди
ЭФИ, ӨЭУ
3) альтернативдүү энергия менен жабдууну камсыз кылуу үчүн бюджеттик мекемелерде ЭКБны (ФЭС, жылуулук насостору, күн коллекторлору, энергияны топтогучтар) ишке киргизүү
2030-ж. IV кв.
Мамлекеттик мекемелердин энергияны керектөөсү азайды, инфраструктуранын туруктуулугу жогорулады
Министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭФИ
9
Микрогенерацияны эске алуу менен энергетикалык кубаттуулуктардын интерактивдүү картасын түзүү
1) микрогенерацияны эске алуу менен энергетикалык кубаттуулуктардын интерактивдүү картасын иштеп чыгуу
2030-ж. II кв.
Пландоо жана талдоо үчүн интерактивдүү санариптик платформа түзүлдү
ЭМ, «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), ЭФИ
2) маалыматтардын үзгүлтүксүз жаңыртылып турушун жана кызыкдар тараптарга (мамлекетке, банктарга, инвесторлорго, башкаруучу уюмдарга) интерактивдүү картанын ачык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
2028-ж. III кв.
Маалыматтардын актуалдуулугу колдоого алынды, ачык-айкындык жана инвесторлорго болгон ишеним жогорулады
«Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), ЭФИ
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бизнес-коомчулук үчүн интерактивдүү картаны колдонуу жана маалыматтарды талдоо боюнча окутууну уюштуруу
2028-ж. III кв.
Платформаны колдонуучулардын компетенттүүлүгү жана аналитиканын сапаты жогорулады
«Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), ЭФИ
4) электр энергиясын иштеп чыгууну жана керектөөнү аралыктан контролдоону, ошондой эле орнотулган ЭКБдан (күн, шамал, чакан гидро орнотмолор, жылуулук насостору ж.б.) маалыматтарды интеграциялоону камтыган бөлүштүрүлгөн генерация жана микрогенерация объекттерине мониторинг жүргүзүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системаларын киргизүү
2028-ж. III кв.
– Бөлүштүрүлгөн генерация жана микрогенерация объекттерине мониторинг жүргүзүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системаларынын иштеши камсыз кылынды.
– ЭКБ орнотулган объекттерде электр энергиясын иштеп чыгууну жана керектөөнү аралыктан контролдоо камсыз кылынды.
– Маалыматтардын тактыгы жогорулады, көрсөткүчтөрдү жалпы эсепке алуу системасына интеграциялоо камсыз кылынды.
– ЭКБнын бөлүштүрүлгөн булактарынын иш режимдерин оптималдаштыруу, натыйжалуулугун талдоо жана андан ары пландоо үчүн шарттар түзүлдү
ЭМ, «КУЭТ» ААК, «КЭЭБ» ААК (макулдашуу боюнча)
4-артыкчылык. Кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана коомдук маалымдуулукту жогорулатуу
10
Коомдук маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатуу
1) Билим берүүнүн бардык деңгээлдерин жана ар кандай максаттуу аудиторияны (бала бакчалардагы жана мектептердеги интерактивдүү окутуу модулдары, университеттердеги милдеттүү дисциплиналар) камтыган ЭКБ жана энергиянын натыйжалуулугу чөйрөсүндө агартуунун улуттук программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2028-ж. III кв.
Окуу программаларына ЭКБ жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча модулдар интеграцияланды
Агартуумин, ЭМ, ЭФИ
2) ЭКБ боюнча телекөрсөтүүдө, радиодо жана социалдык тармактарда масштабдуу маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүү (артыкчылыктар, жеткиликтүү колдоо механизмдери, кадамдык нускамалар)
туруктуу негизде
50 000ден кем эмес үй чарбасы камтылды; энергияны үнөмдөөгө карата билим деңгээли жана шыктануу жогорулады; жашыл технологияларга карата суроо-талап жана кызыгуу көбөйдү
ЭМ, ЖЭФ, ЖӨБО, «КУЭТ» ААК
3)ЭКБдан жана энергиянын натыйжалуулугунан үнөмдөөнү жана пайданы эсептөөнүн интерактивдүү онлайн-калькуляторун түзүү
2027-ж. III кв.
Колдонуучулар технологияларды ишке ашыруудан түшкөн пайданы өз алдынча эсептей алышат
ЭМ, IT-өнөктөштөр
11
Квалификациялуу кадрларды даярдоо жана сертификациялоо
1) ЭКБ орнотмолорун өндүрүү, орнотуу жана тейлөө чөйрөсүндө иштеген инженерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн тренингдерди жана стажировкаларды (анын ичинде чет өлкөдө) системалуу түрдө өткөрүү
2028-ж. I кв.
100дөн кем эмес адистердин квалификациясы жогорулатылды, анын ичинде региондордон
Агартуумин, Курулуш министрлиги, ЭМ, ЭКМ, билим берүү уюмдары, ЭФИ
2) ЭКБ жана энергиянын натыйжалуулугу чөйрөсүндө иштеген адистерди жана компанияларды ыктыярдуу сертификаттоо системасын түзүү
2027-ж. I кв.
Сертификатталган адистердин базасы түзүлүп, кесипкөйлүк деңгээли жогорулады
Агартуумин, ЭМ, кесиптик ассоциациялар
3) ЭКБ жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча жаңы окуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2027-ж. I кв.
билим берүү уюмдарында 5 жаңы программа киргизилип, чет элдик кадрлардан көз карандылыкты азайтуу
ИЖБИМ, билим берүү уюмдары
4) бүткүл өлкө боюнча 500дөн кем эмес адисти окутуу
2030-ж. IV кв.
ЭКБ жабдууларын орнотуу жана тейлөө боюнча 500дөн кем эмес адис даярдалды
ИЖБИМ, билим берүү уюмдары, ЭМ, донордук уюмдар
5) Энергия керектөөнү башкаруунун жана аралыктан мониторинг жүргүзүүнүн жаңы системаларын тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн тренингдерди уюштуруу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу
2028-ж. IV кв.
Энергия керектөөнү башкаруунун жана аралыктан мониторинг жүргүзүүнүн жаңы системаларын тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн адистер даярдалды
ЭМ, Курулуш министрлиги, окуу борборлору, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр
12
Санариптик инфраструктураны жана маалыматтык ресурстарды өнүктүрүү
1) интерактивдүү инструменттер (онлайн эсептегичтер, сертификатталган адистердин базасы, демо объект картасы, аналитика) менен учурдагы платформаларды модернизациялоо жана интеграциялоо (мисалы, «Жашыл энергия»)
2027-ж. IV кв.
Интеграцияланган санариптик платформа ишке киргизилди жана иштеп жатат; колдонуучулардын саны көбөйдү жана рыноктун маалымдуулугу жакшырды; тармакка мониторинг жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугу жана натыйжалуулугу жогорулатылды
ЭМ, ЭКМ, ӨЭУ |
2) ЭКБ боюнча «жандуу» онлайн-консультацияларды уюштуруу
2026-ж. IV кв.
Колдонуучунун ыкчам колдоого жеткиликтүүлүгү камсыздалды
ЭМ, ӨЭЮ, IТ-өнөктөштөр
5-артыкчылык. Кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүдө гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия
13
Билим алууга жана кесиптик даярдоого бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
1) ЭКБ чөйрөсүндө майыптыгы бар адамдар, жетим балдар, аз камсыз болгон жарандар үчүн жеткиликтүү практикалык окутуу борборлорун/ устаканаларын түзүү
2028-ж. IV кв.
8 устакана түзүлдү жана иштөөдө
ИЖБИМ, Агартуумин, ЭСКММ, билим берүү уюмдары
2) ийгиликтүү адис аялдарды жана студент кыздарды, анын ичинде майыптыгы бар балдарды, жетим балдарды, аз камсыз болгон жарандарды байланыштырган насаатчылык программаларын өнүктүрүү
2030-ж. IV кв.
Насаатчылардын жана студент кыздардын тармагы түзүлдү; 20 жуп насаатчы – студент
ИЖБИМ, Агартуумин, ӨЭУ, билим берүү уюмдары
14
Аялуу үй чарбаларынын ЭКБ технологияларына жана энергиянын натыйжалуулугу чечимдерине жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү
1) турак жайды модернизациялоого багытталган даректүү гранттарды киргизүү
2028-ж. IV кв.
5 миң аз камсыз болгон үй чарбасы ЭКБ менен камсыз кылынды
ЭМ, ЭСКММ
6-артыкчылык. Эл аралык климаттык милдеттенмелерди аткаруу жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү жолуна түшүү
15
Амбицияларды жогорулатуу жана УДАСты ишке ашыруу чараларынын планын иштеп чыгуу
1) эл аралык жашыл каржылоону тартуу үчүн мамлекеттик имараттарды жылытуу жана электр энергиясы менен жабдуу үчүн бөлүштүрүлгөн генерация жана ЭКБ системаларын орнотуу чөйрөсүндөгү долбоорлорду киргизүү менен УДАС 3.0 ишке ашыруу боюнча
иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү
2026-ж. II кв.
УДАС 3.0 ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди; ЭКБ чөйрөсүндө пилоттук долбоорлор ишке киргизилди
ЖРЭТКМ, ЭМ
16
Мониторинг, отчеттуулук жана ачык-айкындуулук системасын (MRV) түзүү
1) MRV улуттук санарип платформасын түзүү
(парник газдарынын чыгууларын, ЭКБ боюнча чаралардын натыйжалуулугун, имараттардагы жана өнөр жайдагы энергиянын натыйжалуулугун баалоо)
2027-ж. IV кв.
Парник газдарынын чыгууларын баалоо, ЭКБ жана энергиянын натыйжалуулулугу боюнча чаралардын натыйжалуулугун баалоо боюнча мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун жана ачык-айкындуулуктун улуттук системасы түзүлдү
ЖРЭТКМ, ЭМ
2) эсепке алуунун эл аралык системалары менен улуттук санариптик платформанын шайкештигин камсыз кылуу
2028-ж. IV кв.
Эсепке алуунун эл аралык системалары менен мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун жана ачык-айкындуулуктун улуттук системасы шайкеш келтирилди
ЖРЭТКМ
3) коом жана өнөктөштөр үчүн маалыматтардын ачык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
2028-ж. IV кв.
Үзгүлтүксүз отчетторго ачык жеткиликтүүлүк камсыз кылынды
ЖРЭТКМ, ЭМ
Кыскартуулардын тизмеси:
РАК
–
резервди автоматтык киргизүү
ЭКЭАС
–
электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы
ЭКБ
–
энергиянын кайра жаралуучу булактары
ЖОЖдор
–
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары
«Кызмат» ММ
–
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси
ОЭКД
–
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент
Кыргызстандарт
–
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору
Курулуш министрлиги
–
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги
ССМ
–
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ММЖСМ
–
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
ИЖБИМ
–
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
Агартуумин
–
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
ЖРЭТКМ
–
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
СӨИТМ
–
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги
ФМ
–
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭФИ
–
эл аралык финансы институттары
ӨКМ
–
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
ЭМ
–
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
ЭКМ
–
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
УБ
–
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ЭИИИ
–
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту
ЧУА
–
ченемдик укуктук актылар
ӨЭУ
–
өкмөттүк эмес уюмдар
«КЭЭБ» ААК
–
«Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ачык акционердик коому
«КУЭТ» ААК
–
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому
ЖӨБО
–
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
УДАС
–
улуттук деңгээлде аныкталган салым
ЭТИ
–
электр тармактар ишканалары
ЭСМ (РРА)
–
электр энергиясын сатып алуу жөнүндө макулдашуу (Power Purchase Agreement)
ЖМК
–
жалпыга маалымдоо каражаттары
КЧжЭ
–
курулуш ченемдери жана эрежелери
Финкөзөмөл
–
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы
ЭКК
–
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат
ТЭШ
–
турак жай ээлеринин шериктештиги
ЖЭФ
–
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемеси
3-тиркеме
«Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү: бөлүштүрүлгөн жана микрогенерация» программасынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо матрицасы
№
Милдет-тер
Негизги чаралар
Өлчөө бирдиги
База-лык жыл (2025)
Орто аралык индикаторлор (жылдык)
Акыркы индикаторлор
Жооп-туу атка-руу-чулар
Маалы-мат бу-ла-гы
2026
2027
2028
2029
2030
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
1-артыкчылык: Ченемдик базаны, тарифтик жана техникалык жөнгө салууну өркүндөтүү
1
Ченем-дик базаны жана тарифтик жөнгө салууну өркүндө-түү
1) мый-замдарга, мыйзам алдындагы актыларга өзгөр-
түүлөрдү киргизүү; «таза өлчөө» система-сын ишке киргизүү; туташууну жөнөкөй-лөтүү
Кабыл алынган ЧУАлар-дын саны; тарифтер методика-сынын болушу; жөнөкөй-лөтүлгөн жол-жобо боюнча туташуу-лардын саны
0
ЧУА дол-боор-лору иште-лип чыкты
ЧУА бекитил-ди
–
–
–
Бардык негизги мыйзамдар жана ЧУА кабыл алынды, net-metering ишке киргизилди, туташтыруу мөөнөтү ≤30 күн
ЭМ, ЭМК, «КУ ЭТ» ААК
ЭМ
2
Техника-лык жөнгө салуу чөйрө-сүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндө-түү
1) Эл аралык стандарт-тардын (ЭКМ/ISO/EN/КМШ ЭЭС) негизинде КР бөлүш-түрүлгөн генерация жана микро-генерация чөйрөсүн-дөгү милдеттүү улуттук стандарт-тарды бекитүү
Бекитил-ген стандарт-тардын саны
0
Кемин-де эки стан-дарт иште-лип чыкты
Кеминде алты стан-дарттын толук тизмеси беки-тилди
Колдону-лууда
Колдо-нулууда
Колдо-ну-лууда
Министрлер Кабинетинин «Аз кубаттуулук-тагы ЭКБнын жабдууларын техникалык жөнгө салуу жөнүндө» токтому кабыл алынды
ЭКМ, ЭМ
ЭКМ
2) тармак-тык эрежелер, анын ичинде резервди автомат-тык киргизүү-нү (РАК) орнотууга талап-тарды бөлүш-түрүлгөн генерация жана микро-генерация үчүн иштеп чыгуу жана бекитүү
Бекитил-ген тармактык эрежелер-дин болушу
0
Тар-мактык эреже-лердин дол-боору иште-лип чыкты
Тармак-тык эреже-лер беки-тилди
Колдону-лууда
Колдо-нулууда
Колдо-ну-лууда
Тармактык эрежелер бекитилди
КУЭТ-тин тармак-тык эреже-лерди бекитүү жөнүн-дө буйру-гу, отчет-тору
ЭМ, «КУЭТ» ААК
3) эколо-гиялык жана социалдык стандарт-тарды интегра-циялоо менен эки тараптуу эсептегич-терге жана ЭКБнын жогорку үлүшүндө тармак-тардын коопсуз-дугуна талаптар-ды кошуп алганда ЭКБнын орнот-молору үчүн чакан жана бөлүш-түрүлгөн генерация-нын эл аралык жана региондук эрежеле-ринин базасында улуттук эрежелер-ди адаптация-лоо жана кабыл алуу
ЭКБнын орнотмо-лору үчүн чакан жана бөлүш-түрүлгөн генерация-нын бекитил-ген эрежелери
Эреже-лер жок
Эреже-лердин дол-боору иште-лип чыкты
Эреже-лер беки-тилди
–
–
–
КР ЭМдин «Чакан жана бөлүштүрүлгөн генерациянын ЭКБнын орнотмолору үчүн эрежелерди бекитүү жөнүндө» буйругу кабыл алынды
ЭМ, «КУ ЭТ» ААК, ЭМ караш-туу ЭИИИ
ЭМ
2-артыкчылык. Технологиянын жеткиликтүүлүгүн, локалдык өндүрүштү жана сервистик колдоону өнүктүрүү
3
Улуттук өндүрүш-кө дем берүү
1) пилоттук индус-триалдык паркты түзүү
Индус-триалдык парктардын саны
0
Концеп-ция жана ТЭН иште-лип чыкты
Аянттар аныкта-лып, долбоор-лоо баштал-ды
1 парк
-
-
1 парк
ЭКМ, ЭМ, ЖЭФ, ЖОЖдор
ЭКМ
4
ЭКБ жабдуула-рынын жеткилик-түүлүгүн жана тейлөө сапатын жогорула-туу
1) адис-терди ЭКБ жабдуула-рын чыгарууга, орнотууга жана тейлөөгө окутуу программа-ларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Ишке киргизилген программа-лардын жана адистердин саны
1
Окуу модул-дары иште-лип чыкты
Програм-малар киргизил-ди
Кеминде 100 адис окутулду
Кеминде 200 адис окутулду
Кемин-де 300 адис окутул-ду
≥600 адис окутулду
ИЖБИМ, ЖОЖдор, ЭМ
ИЖ-БИМ
2) Монито-ринг жүргүзүү жана отчеттуу-лук менен ЭКБнын демонстра-циялык объект-терин ишке киргизүү
Объекттер-дин саны
1 (КМТУ)
Аянтча-ларды тандоо
Пилоттук система-ларды орнотуу
Мониторинг/эксплуатация
10дон кем эмес объект ишке кирги-зилген
10дон кем эмес объект иштеп жатат
Ачык аналитикасы бар 10 иштеп жаткан демо-объект
ЭМ, ЖЭФ, ИЖБИМ, ЖӨБО, ЭФИ
ЭМ
5
Үй чарба-лары жана чакан жана орто ишкана-лар үчүн узак мөөнөт-түү жана арзан каржы-лоого жеткилик-түүлүктү камсыз кылуу
1) ЭКБ микрогене-рациясын жеңилде-тилген каржылоо-ну киргизүү: жашыл кредиттер, лизинг, жашыл облигация-лар
Жеңилде-тилген каржылоо алуучулар-дын саны
м/ж
10 миңден кем эмес үй чарбасы жана 1 миң чакан жана орто ишкана-лар
20 миңден кем эмес үй чарбасы жана 2 миң чакан жана орто ишкана-лар
30 миңден кем эмес үй чарбасы жана 3 миң чакан жана орто ишканалар
40 миңден кем эмес үй чарбасы жана 4 миң чакан жана орто ишкана-лар
50 миңден кем эмес үй чарбасы жана 5 миң чакан жана орто ишкана-лар
≥50 миң үй чарбасы жана 5 миң чакан жана орто ишканалар каржылоо алышты
Коммер-циялык банктар, ЖРЭТКМ, ЭФИ
УБ, ЭКМ караш-туу Финкө-зөмөл
3-артыкчылык. Имараттарда жана инфраструктурада ЭКБны интеграциялоону өнүктүрүү
6
Имарат-тарды долбоор-лоодо жана курууда ЭКБны колдонуу-ну кеңейтүү
1) имаратты пайдала-нууну ≥20% ЭКБга интегра-циялоо менен курулуш ченемдерин жаңылоо; «ЭКБ менен имарат», «нөлдүк баланс», «активдүү имарат»
түшүнүктө-рүн киргизүү
ЧУА
-
ЧУА долбоору
КЧ бекитилди
КЧ иштеп жатат
КЧ иштеп жатат
КЧ иштеп жатат
Жаңы курулуш ченемдери кабыл алынды
Кыргыз-стандарт, ӨКМ, ӨКМ караштуу Кыргыз-гидромет, Курулуш министр-лиги, ЭМ, бюджет-тик уюмдар, окуу жайлар
Куру-луш ми-нистр-лиги
2) ФЭС/
жылуулук насостору/ коллектор-лору бар 11 пилоттук объект (мектептер, оорукана-лар, бала бакчалар, АИ)
Имараттар-дын саны
м/ж
ДСДны даярдоо
ЭФИ каржы-лоосунун аткары-лышы
5 пилоттук объект модерни-зациялан-ды
6 пилоттук объект модерни-зация-ланды
Бардык дол-боорлор аяктады
11 пилоттук объект модернизация-ланды
Куру-луш минис-трлиги, өнүктү-рүү боюнча өнөк-төштөр
Куру-луш ми-
нис-трли-ги, өнүк-түрүү боюн-ча өнөк-төш-төр
7
1) ЭКБ кубаттуу-луктары-нын интерак-тивдүү картасын иштеп чыгуу
ЭКБнын энергетика-лык кубаттуу-лук картасы
-
ТТ иштелип чыкты
ЭФИ каржылоо-су бөлүндү
Картаны иштеп чыгуу
Тестир-лөө жана ишке киргизүү
ЭКБ-кубат-туулук-тарынын интерак-тивдүү картасы чыгарыл-ды
ЭКБнын бирдиктүү санариптик картасы
ЭМ, «Кыз-мат» ММ (макул-дашуу боюнча), ЭФИ
ЭМ
4-артыкчылык. Кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу
8
Коомчу-луктун маалым-дуулугу-нун деңгээ-лин жогору-латуу
1) билим берүүнүн бардык деңгээлде-рин жана ар кандай максаттуу аудито-рияны камтыган ЭКБ жана энергия-нын натыйжа-луулугу чөйрөсүн-дө Агартуу програм-масын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Програм-ма иштелип чыкты жана ишке киргизил-ди
ЭКБ жана энер-гияны үнөм-дөө маселе-лери про-филдик адис-терди окутуу-нун алка-гында гана чагыл-дыры-лат
ТТ иште-лип чыкты жана Прог-рамма-ны иштеп чыгуу-га каржы-лоо булак-тары анык-талды
Прог- рамма-нын долбоо-ру иштелип чыкты
Прог-рамма бекитил-ди
Пилот-тошту-руу, методи-калар жана окуу модул-дары иштелип чыкты
Про-грам- мада карал-ган чара-ларды ишке ашы-руу
ЭКБ-модулдар билим берүүнүн бардык деңгээлдерине интеграция-ланды
Агар-туумин, ЭМ, ЭФИ
ЭМ
9
Квали-фика-циялуу кадрлар-ды даярдоо жана серти-фика-циялоо
1) иштеген инженер-лердин квалифи-кациясын жогору-латуу үчүн тренинг-дерди жана стажиров-каларды система-луу (анын ичинде чет өлкөдө) өткөрүү
Тренинг-дердин, стажиров-калардын саны/ окутулган адистер-дин саны
Өнөк-төш-төрдүн чакы-руусу боюнча тре-нингдер өткө-рүлүүдө
ТТны иштеп чыгуу, каржы-лоо булак-тарын анык-тоо, ЭКБ жаб-дуула-рын өндү-рүү жана орно-туу чөйрө-сүндөгү алдын-кы компа-ниялар менен кели-шим-дерди түзүү
10 тренинг/ стажи-ровка, 50дөн кем эмес окутул-ган адис
10 тренинг/ стажи-ровка, 50дөн кем эмес окутулган адис
–
–
20 тренинг/ стажировка өткөрүлдү; 100дөн кем эмес адистин квалифика-циясы жогорулатыл-ды, анын ичинен 70тен көп эмеси бир жыныстагылар
ИЖ-БИМ, Агар-туумин, Куру-луш ми-нистр-лиги, ЭМ, ЖОЖ-дор
ИЖ-БИМ
5-артыкчылык. Кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүдө гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия
10
Билим алууга жана кесиптик даярдоо-го бирдей жетки-ликтүү-лүктү камсыз кылуу
1) майып-тыгы бар адамдар үчүн жеткилик-түү ЭКБ боюнча окуу устакана-ларын түзүү
Устакана-лардын саны
0
ТТны даяр-доо, каржы-лоо булак-тарын анык-тоо, дол-боор-лоо
2 устакана/борбор түзүлдү
2 устакана/ борбор түзүлдү
4 устакана/борбор түзүлдү
8 устака-на/ борбор иш-төөдө
8 иштеп жаткан устакана/ борбор
ИЖ-БИМ, Агар-туумин, ЭС-КММ, ЖОЖ-дор
ИЖ-БИМ
11
Аялуу үй чарбала-рынын ЭКБ техноло-гиялары-на жетки-ликтүү-лүгүн кеңейтүү
1) ишкер аялдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жеңилде-тилген кредиттер
Алуучу-лардын саны
Рынок-ту талдоо
Про-дукту-ларды иштеп чыгуу жана каржы-лоо булак-тарын анык-тоо
-
100дөн кем эмес ишкер аялды жана аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтуу
100дөн кем эмес ишкер аялды жана аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтуу
100дөн кем эмес ишкер аялды жана аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтуу
300дөн кем эмес ишкер аялды жана аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтуу
Банк-тар, ЭФИ, ЭС-КММ
ЭС-КММ
6-артыкчылык. Эл аралык климаттык милдеттенмелерди аткаруу жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү жолуна түшүү
12
Амби-циялар-ды жогору-латуу жана УДАСты ишке ашыруу чарала-рынын планын иштеп чыгуу
1) УДАСты ишке ашыруу-нун иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү
Кыргыз Республи-касынын Министр-лер Кабинети-нин токтому
Жок
УДАС-ты ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы беки-тилди
Иш-чаралар планын ишке ашыруу
Иш-чаралар планын ишке ашыруу
Иш-чаралар планын ишке ашыруу
Иш-чара-лар планын ишке ашы-руу
УДАСты ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди
ЖРЭ-ТКМ
ЖР-ЭТ-КМ
Кыскартуулардын тизмеси:
РАК
–
резервди автоматтык киргизүү
ЭКЭАС
–
электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы
ЭКБ
–
энергиянын кайра жаралуучу булактары
ЖОЖдор
–
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары
«Кызмат» ММ
–
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси
ОЭКД
–
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент
Кыргызстандарт
–
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору
Курулуш министрлиги
–
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги
ССМ
–
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ММЖСМ
–
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
ИЖБИМ
–
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
Агартуумин
–
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
ЖРЭТКМ
–
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
СӨИТМ
–
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги
ФМ
–
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭФИ
–
эл аралык финансы институттары
ӨКМ
–
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
ЭМ
–
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
ЭКМ
–
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
УБ
–
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ЭИИИ
–
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту
ЧУА
–
ченемдик укуктук актылар
ӨЭУ
–
өкмөттүк эмес уюмдар
«КЭЭБ» ААК
–
«Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ачык акционердик коому
«КУЭТ» ААК
–
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому
ЖӨБО
–
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
УДАС
–
улуттук деңгээлде аныкталган салым
ЭТИ
–
электр тармактар ишканалары
ЭСМ (РРА)
–
электр энергиясын сатып алуу жөнүндө макулдашуу (Power Purchase Agreement)
ЖМК
–
жалпыга маалымдоо каражаттары
КЧжЭ
–
курулуш ченемдери жана эрежелери
Финкөзөмөл
–
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы
ЭКК
–
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат
ТЭШ
–
турак жай ээлеринин шериктештиги
ЖЭФ
–
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемеси
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 49