Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене
Күчүндө · 13.05.2026 редакциясы
"Тынчтык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 10-декабры, № 95) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- 31-декабрда саат 22:00дөн тартып 1-январдагы саат 3:00гө чейин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрам күндөрү саат 22:00дөн тартып саат 3:00гө чейин.";
2) 3-беренеде:
а) 1-бөлүктүн алтынчы абзацы "алып келген" деген сөздөрдөн кийин "куруу," деген сөз менен толукталсын;
б) 2-бөлүктүн үчүнчү абзацында "жана майрам" деген сөздөр алып салынсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 31-берене менен толукталсын:
"31-берене. Тынчтыкты бузуулардын алдын алуу
1. Тынчтыкты бузуулардын алдын алуу Кыргыз Республикасынын тынчтыкты камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга катышуучу жактар болуп ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн объекттердин жана (же) жайлардын менчик ээлери (жалдоочулар), тизмеги Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдары менен аныкталуучу көп батирлүү үйлөрдү башкарууну жүзөгө ашыруучу адамдар, ошондой эле кварталдык комитеттер саналат.
3. Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга катышуучу адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
- жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында укуктук агартуу жана укуктук маалымдоо формасында алдын алуучулук таасир этүүнү жүзөгө ашырууга;
- турак жай курулушунун корголуучу аймактарында тынчтыкты бузуу жөнүндө акт түзүү жолу менен тынчтыкты бузган жактарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартууга катышууга. Тынчтыкты бузуу фактысын же окуясын ырастоочу акт фото жана (же) видео жазууну тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде аныкталган тартипте укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга берилет.
Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга катышуучу адамдардын өз ара аракеттенүү тартиби, ошондой эле актынын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
Берененин тексти 13.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Тынчтык жөнүндөЗакон · 06.12.2024 · № 194
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230045950/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө", "Тынчтык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>