Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылуучу уюмдарга карата салыктык төлөм талаптарын коюудан бошотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 310
Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылуучу уюмдарга карата салыктык төлөм талаптарын коюудан бошотуу жөнүндө
Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган уюмдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85-беренесинин 8-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган, алыш-бериш эсептерине салыктык төлөм талаптары коюлбай турган уюмдардын тизмеги ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын алыш-бериш эсептерине 2026-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда салыктык төлөм талаптары коюлууга тийиш эмес деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын алыш-бериш эсептерине ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө салыктык төлөм талаптарынын коюлбашын камсыз кылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме
Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган, алыш-бериш эсептерине салыктык төлөм талаптары коюлбай турган уюмдардын тизмеги
№
Уюмдардын аталышы
ИНН
1
«Электр станциялар» ачык акционердик коому
01810200110062
2
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому
02512200110100
3
«Чакан ГЭС» ачык акционердик коому
00811200010039
4
«Кыргызкөмүр» ачык акционердик коому
00209202510219
5
«Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы
00808202410151
6
«Ош шаарынын жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы
00909202410276
7
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы
00808202410330
8
Орловка шаарынын мэриясынын алдындагы «Орловкадагы жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасы
00508202410283
9
«Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасы
02609202410202
10
Кант шаарынын мэриясына караштуу «Кант-Жылуулук» муниципалдык ишканасы
01709202410361
11
Нарзан айыл өкмөтүнүн алдындагы «Нарзан жылуулук» муниципалдык ишканасы
00310202410170
12
Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасы
01209202510496
13
«Сокулук» муниципалдык ишканасы
02709201810076
14
«Таза-Айыл» муниципалдык ишканасы
02207201410335
15
Кожомкул айыл өкмөтүнө караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы
00603200810151
16
«Кара-Балта жылуулукэлектр борбору» муниципалдык ишканасы
01709202410359
17
«Кемин Тазалык» муниципалдык ишканасы
00604202310544
18
«Жашыл Мурас» муниципалдык ишканасы
01604202410585
19
«Талас жылуулук камсыздоо ишканасы» муниципалдык ишканасы
00108202410063
20
«Нарын шаардык «Нарын жылуулук берүү» муниципалдык ишканасы
02908202410028
21
«Чаек» муниципалдык ишканасы
00512202310355
22
«Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасы
00208202410374
23
«Чолпон-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасы
00208202410361
24
«Балыкчы жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасы
00208202410387
25
«Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасы
03107202410064
26
«Кочкор-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасы
03107202410077
27
«Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасы
03107202410102
28
«Кара-Көл жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасы
03107202410166
29
«Манас шаарынын мэриясынын «Жылуулук» муниципалдык ишканасы
03107202410112
30
«Базар-Коргон сууканал» муниципалдык ишканасы
01409201510250
31
«Шамалдуу-Сай жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасы
00411202410180
32
«Өзгөн жылуулук» муниципалдык ишканасы
02207202410065
33
«Араван Жылуулукту камсыздоо ишканасы» муниципалдык ишканасы
01007202410541
34
«Кара-Суу жылуулук» муниципалдык ишканасы
02507202410417
35
«Ноокат жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы
02605201610101
36
«Кызыл-Кыя жылуулук» муниципалдык ишканасы
00908202410037
37
«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы
00205199410037
38
«Ошжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы
01810200110062
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3