Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы (2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 327 токтомуна)
Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун жетекчисинин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жетекчисинин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары; ички аудит жана контролдоо, Кыргыз Республикасынын бюджетин болжолдоо жана аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары.
Эскертүү. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына кызмат орду боюнча кирген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен же ушул мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аныкталат. Тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучуга жиберилет. Ведомстволор аралык комиссиянын ишине катышуу үчүн башка мамлекеттик органдардын, мамлекеттик уюмдардын, илимий мекемелердин, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жекече түрдө ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы менен макулдашуу боюнча жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан аныкталат. Бул өкүлдөр ведомстволор аралык комиссиянын ишине кеңеш берүүчү добуштун укугу менен катышат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.