Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-майы № 327
Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо маселелери жөнүндө
Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоонун бирдиктүү тартибин камсыз кылуу, маалыматты коргоо деңгээлин жана санариптик инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы (мындан ары – ведомстволор аралык комиссия) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоонун улуттук системасын өнүктүрүүнүн, калыптандыруунун жана этабы менен киргизүүнүн төмөнкүлөрдү камтыган комплекстүү жол картасын даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин:
– маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнү;
– сертификациялоо системасынын иштөөсүнүн туруктуу институционалдык моделин түзүүнү;
– мамлекеттик сыноо лабораториясын түзүүнү, жабдууну жана өнүктүрүүнү;
– маалыматты коргоо каражаттарын сыноонун, шайкештигин баалоонун жана коопсуздугун ырастоонун заманбап методикаларын киргизүүнү;
– маалыматтык коопсуздук жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү адистерди даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну;
– өтүнмөлөрдү берүү, материалдарды кароо, реестрлерди жүргүзүү жана шайкештик сертификаттарын берүү процесстерин санариптештирүүнү;
– Кыргыз Республикасынын рыногуна маалыматты коргоо каражаттарына уруксат берүүнүн ачык-айкын жана басмырлоосуз жол-жоболорун түзүүнү;
– эл аралык кызматташтыктын, чет өлкөлүк сертификаттарды таануунун жана мыкты эл аралык тажрыйбаларды колдонуунун механизмдерин өнүктүрүүнү;
– иш-чараларды каржылоо булактарын, анын ичинде бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы механизмдерди аныктоону;
– ишке ашыруу этаптарын, максаттуу индикаторлорду, күтүлүүчү натыйжаларды жана жол картасынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү системасын;
– маалыматты коргоо каражаттарын ата мекендик иштеп чыгуучуларга жана өндүрүүчүлөргө дем берүү боюнча чараларды;
– технологиялык көз карандысыздыкты камсыз кылууну жана кризистик маанилүү чөйрөлөрдө чет өлкөлүк чечимдерден көз карандылыкты азайтуу.
4. Жол картасында төмөнкүлөр үчүн колдонулуучу маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо боюнча иш-чаралар биринчи кезекте каралсын:
– мамлекеттик сырларды коргоо;
– өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктуранын коопсуздугу;
– мамлекеттик маалыматтык системаларды жана ресурстарды коргоо;
– жеке маалыматтарды жана тиешелүү маалыматтык системаларды коргоо;
– банктык, төлөм, финансылык жана камсыздандыруу инфраструктурасынын коопсуздугу;
– коргоо, укук тартиби жана улуттук коопсуздук объекттерин коргоо;
– электрондук документ жүгүртүү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– телекоммуникациялык инфраструктураны, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун жана резервдөө системаларын коргоо.
5. Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик үлүшү бар ишканалар, мекемелер жана уюмдар кайрылган учурда сертификациялоо үчүн документтердин башка тизмегин белгилөөгө, ошондой эле маалыматты коргоо каражатынын түрүн, багытын, маанилүүлүк деңгээлин жана колдонуу чөйрөсүн эске алуу менен башка колдонулуучу стандартты аныктоого жана анын негизинде улуттук шайкештик сертификатын берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу деп белгиленсин.
Аталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу тартиби, анын ичинде колдонуу критерийлери, шарттары жана чектери, ошондой эле өзгөчө учурларды белгилөө тартиби ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен бекитилет.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте мамлекеттик сыноо лабораториясын түзүү, ошондой эле аны уюштуруу, кадрдык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына ушул токтомду ишке ашырууда көмөк көрсөтүү сунушталсын.
8. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик үлүшү бар ишканалар, мекемелер жана уюмдар өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана өзүнүн компетенциясынын чегинде ведомстволор аралык комиссия менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылуу тартиби, биометрикалык дайындардын материалдык…Приложение · 20.05.2026 · № 355
- Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы (2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы №…Приложение · 11.05.2026 · № 327
- Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 327 токтомуна 1-тиркеме)Положение · 11.05.2026 · № 327
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндөЗакон · 15.12.2017 · № 210 (15)
- Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндөЗакон · 17.07.2024 · № 121