Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (“Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору” Мамлекеттик ишканасын видеобайкоо камераларын орнотуу, монтаждоо, жөндөө, оңдоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө, ошондой эле сырткы видеобайкоо тутумунун толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон башка инфраструктуралык объектилерди куруу боюнча кызмат көрсөтүүчү катары аныктоо тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 28-апрели № 301-т
Видеобайкоо жана аналитикалык технологиялар системаларын киргизүү аркылуу укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору» мамлекеттик ишканасы видеобайкоо камераларын орнотуу, монтаждоо, жөндөө, оңдоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө, ошондой эле сырткы видеобайкоо системасынын толук иштөөсү үчүн зарыл болгон башка инфраструктуралык объекттерди куруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан сатып алуу методу менен сатып алсын.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору» мамлекеттик ишканасына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жумуштарды жүргүзүү жана кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон уруксат документтерин тездетилген, артыкчылыктуу тартипте алууга көмөк көрсөтсүн.
4. Бул тескеме эки жыл ичинде колдонулат деп белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.06.2025 · № 178