1-берене
Күчүндө · 29.04.2026 редакциясы
"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Насыялык тарыхка насыялык маалымат субъектинин милдеттенмени аткаруу күнүнөн тартып төмөнкү мөөнөттөн ашык убакыт өткөн акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар киргизилбейт:
1) негативдүү насыялык маалымат үчүн эки жылдан;
2) суммасы отуз миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү насыялык маалымат үчүн бир жылдан;
3) позитивдүү насыялык маалымат үчүн беш жылдан.";
б) 5-бөлүктөгү "беш" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 14-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда:
а) экинчи абзацтагы "жети" деген сез "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) үчүнчү абзацтагы "беш" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- суммасы отуз миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү насыялык маалыматты бир жыл бою;".
Берененин тексти 29.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Насыялык маалымат алмашуу жөнүндөЗакон · 25.11.2014 · № 160
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230045548/st-1" title="1-берене - Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>