Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 29-апрели № 59
"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Насыялык тарыхка насыялык маалымат субъектинин милдеттенмени аткаруу күнүнөн тартып төмөнкү мөөнөттөн ашык убакыт өткөн акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар киргизилбейт:
1) негативдүү насыялык маалымат үчүн эки жылдан;
2) суммасы отуз миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү насыялык маалымат үчүн бир жылдан;
3) позитивдүү насыялык маалымат үчүн беш жылдан.";
б) 5-бөлүктөгү "беш" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 14-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда:
а) экинчи абзацтагы "жети" деген сез "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) үчүнчү абзацтагы "беш" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- суммасы отуз миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү насыялык маалыматты бир жыл бою;".
2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2026-жылдын 2-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Насыялык маалымат алмашуу жөнүндөЗакон · 25.11.2014 · № 160
Шилтеме берет (1)
- Насыялык маалымат алмашуу жөнүндөЗакон · 25.11.2014 · № 160