126-2-берене. Тилемчиликке тартуу
Күчүндө · 23.04.2026 редакциясы
1. Улгайган жарандарды, психикалык оорулардан жана бузулуулардан жапа чеккен адамдарды, кош бойлуу аялдарды, майыптыгы бар адамдарды тилемчиликке тартуу -
200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет чет өлкөлүк жаран тарабынан бир айдын ичинде кайталанып жасалса -
чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып жиберүүгө алып келет.";
3) 454-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "126-129, 131-беренелери" деген сөздөр "126 - 126-1-беренелери, 126-2-беренесинин 2-бөлүгү, 127-129-беренелери, 131-беренеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 456-беренеде:
а) биринчи абзацтагы "125," деген цифралар "125-беренеси, 126-2-беренесинин 1-бөлүгү," деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ички иштер органдары ушул Кодекстин 56-59, 70-72, 96, 107-1, 109-2, 109-3, 126, 126-1-беренелеринде, 126-2-беренесинин 2-бөлүгүндө, 127-129, 131-беренелеринде, 189-беренесинин 2-бөлүгүндө, 192-беренесинин 4-бөлүгүндө, 193-беренесинин 1 - 2-1, 4-5-бөлүктөрүндө, 271-беренесинде, 431-беренесинин 3-бөлүгүндө, 449-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана аларды кароо үчүн сотко жиберет.";
5) 525-берененин 1-пункту "майда бейбаштык;" деген сөздөрдөн кийин "тилемчилик; тилемчиликке тартуу;" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 23.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
126-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230045011/st-126-2" title="126-2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>