1-берене
Күчүндө · 23.04.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 32-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Чет өлкөлүк жарандар, мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, алардын Кыргыз Республикасында жүрүүсүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ошондой эле ушул Кодекстин 126-1 жана 126-2-беренелеринде каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылууга тийиш.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 126-1 жана 126-2-беренелер менен толукталсын:
"126-1-берене. Тилемчилик
1. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылуу, ошондой эле акча каражаттарын же башка материалдык баалуулуктарды алуу максатында коомдук жайларда тийишүү же тажатма кайрылуу -
20дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же болбосо үч суткага чейин камакка алууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жаза чаралары колдонулгандан кийин бир айдын ичинде кайталанып жасалса -
30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же болбосо үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жаза чаралары колдонулгандан кийин чет өлкөлүк жаран тарабынан бир айдын ичинде кайталанып жасалса -
чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып жиберүүгө алып келет. Эскертүү. Эгерде адам бул аракеттерди ага карата дене бойлук же психикалык зомбулукту, коркутууну же мажбурлоонун башка формасын колдонуунун натыйжасында жасагандыгы аныкталса, ошондой эле ал адамдарды сатуунун курмандыгы деп таанылган учурда, ал ушул беренеде каралган аракеттер үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Ушул беренеде каралган аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын жараны жоопкерчиликке тартылган учурда, ички иштер органдары кармалган адамдын жашоо шарттарын изилдөө жана зарыл социалдык жардам көрсөтүү үчүн тартылып жаткан адам жөнүндө маалыматты социалдык коргоо органдарына жөнөтүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 23.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230045011/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>