Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ала-Тоо айылдык кеңешинин Ала-Тоо айыл аймагындагы айылдардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан жана үлүш жериндеги отургузулган бак дарактарды кыюу жөнүндө токтому
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он бешинчи сессиясы
2026-жылдын 05-февралы № 7
Ала-Тоо айыл аймагындагы айылдардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан жана үлүш жериндеги отургузулган бак дарактарды кыюу жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Топчубаеванын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 265 тескемесине ылайык, “Жашыл мурас” улуттук компаниясынын алкагында 2026-жылы республиканын аймагында бак-дарактардын көчөттөрүн отургузууну камсыз кылуу боюнча Ала-Тооайыл аймагындагы айылдардын борбордук көчөлөрүндө, үлүш жерлери менен чектешкен жерлерде жайгашкан эскилиги жетип куурап калган бак дарактарды кыйып ордуна жаш көчөттөрдү отургузуу боюнча Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн атайын сунуш каты менен тааныштырып аны сессияда бекитип берүүнү сунуштады. Депутаттар кеңири карап талкуулап чыгышып, кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштардын борбордук көчөлөрүнүн боюнда мыйзамсыз бак–дарактарды кыюлардын алдын алуу жана курулуш иштери жүргөн жерлерде эски чириген бак дарактарды кыюуга макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун негизинде түзүлгөн иш чараны мыйзам чегинде иш алып барып Ош регионалдык башкармалыгына аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтарды берип туруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент, депутаттык этика, коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент, депутаттык этика, коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы:
Ф.Ф.Юсупов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.