Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Жашыл мурас» улуттук кампаниясын илгерилетүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 9-апрели № 265-т
"Жашыл мурас" улуттук кампаниясын андан ары илгерилетүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана токойлорду келечек муундар үчүн сактоо, ошондой эле токойлордун, бакчалардын, парктардын жана жашыл бактардын аянтын кеңейтүү жана көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- жыл сайын 1-февралга чейин "Жашыл мурас" улуттук кампаниясын ишке ашыруу боюнча штабдарды түзсүн, калктуу конуштарды абаттоо, жашылдандыруу боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча пландарды бекитсин жана "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын милдеттерине жетишүү үчүн үзгүлтүксүз негизде зарыл чараларды көрсүн;
- жыл сайын жергиликтүү калк менен биргеликте болгон бакчаларды, парктарды жана токой массивдерин кеңейтүүнү жана жаңыларын түзүүнү уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жалпы билим берүү мектептеринин катышуусунда "Бир окуучу - бир көчөт" иш-чарасын өткөрсүн, ошол эле учурда бул иш-чарага окуучулардын ата-энелеринен каражат чогултууга тыюу салынат;
- республикалык маанидеги шаарлардын аймагынан тышкары өндүрүштүк ишканалардын, жер казынасын пайдалануучулардын, башка уюмдардын жана мекемелердин катышуусу менен бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн (5 гектардан кем эмес) массалык отургузууну уюштурсун;
- ишенип берилген аймактардагы бардык питомниктерде (анын ичинде менчик питомниктерде) көчөттөрдүн санын инвентаризациялоону жүргүзсүн жана аларды отургузуу үчүн зарыл болгон бак-дарактардын жана бадалдардын жетиштүү сандагы көчөттөрү менен камсыз кылсын;
- ай сайын кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу үчүн отургузулган бак-дарактардын жана бадалдардын аянттары, саны, көчөттөрүнүн породалары жөнүндө маалымат берип турсун;
- отургузулган бак-дарактардын жана бадалдардын өнүмдүүлүгүн камсыз кылсын жана жалпыланган маалыматты жыл сайын 1-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берип турсун.
2. Шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн отургузуу үчүн аянттарды тандоону камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасында жер кыртышынын үлгүлөрүн алууну жана аларга талдоо жүргүзүүнү уюштурсун;
- бак-дарак породаларынын көчөттөрүн отургузууга, көчөттөрдү кароого, кайтарууга, тосмолорду орнотууга жыл сайын план-сметаларды иштеп чыксын жана аларды каржылоо булактарын аныктасын;
- өз убагында (вегетациялык мезгилден кеч эмес) жердин климаттык жана географиялык шарттарына ылайык жерди даярдоону жана бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн отургузууну жүзөгө ашырсын;
- отургузулган бак-дарактардын жана бадалдардын аянтынын жана санынын так эсебин жүргүзсүн;
- отургузулган көчөттөрдүн аянттарына тосмолорду орнотсун, алардын өнүмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кароо жана сугаруу боюнча иш-чараларды уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитетине, административдик ведомстволоруна төмөнкүлөр сунушталсын:
- токой чарбаларынан, мамлекеттик жаратылыш парктарынан жана башка мамлекеттик мекемелерден бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн сатып алуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тандалган аянттарга аймактын климаттык жана географиялык шарттарына ылайык бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн отургузуу;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу үчүн отургузулган дарактардын жана бадалдардын аянттары, саны, көчөттөрүнүн породалары жөнүндө маалыматты берип туруу;
- жыл сайын "Жашыл мурас" онлайн-порталына бак-дарактардын жана бадалдардын отургузулган көчөттөрү жөнүндө маалыматты жайгаштыруу.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- жыл сайын белгиленген акыга көчөт материалын сатуу жолу менен отургузууга жарактуу көчөттөр менен сураган тараптарды камсыз кылсын;
- токой чарбаларында отургузулган жана себилген токой өсүмдүктөрүнүн өнүмдүүлүгүн бекитилген ченемдерге ылайык камсыз кылсын;
- питомниктерде жыл сайын 6 млн. даанадан кем эмес сандагы бак-дарактардын жана бадалдардын стандарттуу көчөттөрүнүн болушун камсыз кылсын;
- жердин климаттык жана географиялык шарттарына ылайык көчөттөрдү отургузуу боюнча консультациялык колдоо көрсөтсүн, зарылдыгына жараша илимий органдар менен макулдашсын;
- сел коркунучу бар участокторду аныктоо жана бак-дарак жана бадал түрүндөгү коргоочу көчөттөрдү отургузуу боюнча иштерди өз убагында жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн кийин сугаруу жана алардын өнүмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кароо менен автомобиль жолдорунун боюна отургузууну уюштурсун;
- жашылдандыруу максатында кызыкдар тараптарга келишимдик негизде жол жээгиндеги аймактарды берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги отургузулган көчөттөрдү сугаруу үчүн ирригациялык системалар жана суу менен камсыздоого көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
- бекитилген ченемдерге ылайык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына отургузулган көчөттөрдүн өнүмдүүлүгүн камсыз кылсын;
- отургузулган бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн жыл сайын инвентаризациялоону жүргүзсүн, алардын өнүмдүүлүгүн аныктасын жана жалпыланган маалыматты кийинки жылдын 25-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун;
- жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча бак-дарактарды жана бадалдарды отургузууну уюштурууну колдоого "Жашыл мурас" улуттук кампаниясын ишке ашыруу үчүн атайын эсепке акча каражаттарын чогултуу боюнча иш жүргүзсүн.
8. "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын иш-чараларын каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга жана өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнүүчү каражаттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттардын чегинде, ошондой эле "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында донордук жана гранттык каражаттарды чогултуу үчүн эсепте топтолгон Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атайын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
9. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын бак-дарактардын жана бадалдардын породаларынын көчөттөрүн отургузуу, сугаруу, кароо жана отургузулган көчөттөрдүн өнүмдүүлүгү боюнча ишти сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы 89-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
11. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2026-жылдын 05-февралындагы №7 Ала-Тоо айыл аймагындагы айылдардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан жана үлүш жериндеги отургузулган бак дарактарды кыюу…Постановление · 05.02.2026 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы N 89-т (Калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чараларына даярдык көрүү жана өткөрүү…Распоряжение · 03.03.2023 · № 89-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы N 89-т (Калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чараларына даярдык көрүү жана өткөрүү…Распоряжение · 03.03.2023 · № 89-р · Күчүн жоготкон