14-берене
Күчүндө · 21.04.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сый акы Кыргыз Республикасынын жарандарына ыйгарылат:
1) мамлекеттик тилди сактоого, өнүктүрүүгө жана статусун жогорулатууга өбөлгө түзүүчү көрүнүктүү илимий эмгектери (илимдин бардык багыттары боюнча) үчүн;
2) ата мекендик илимди олуттуу байыткан жана табигый, техникалык, коомдук жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүүгө, кыргыз илиминин жана техникасынын дүйнөдөгү алдынкы жетишкендиктердин деңгээлине чыгуусуна олуттуу салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары үчүн;
3) экономиканы жана социалдык чөйрөнү инновациялык өнүктүрүүнү, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөнү камсыз кылуучу жаңы техниканын жана прогрессивдүү технологиялардын үлгүлөрүн иштеп чыккандыгы үчүн;
4) мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды камтыган, экономиканын ар түрдүү тармактарында принциптүү жаңы буюмдарды, технологиялык процесстерди иштеп чыккандыгы жана түзгөндүгү үчүн.
2. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы Кыргыз Республикасынын жарандарына мазмуну боюнча терең жана формасы боюнча айырмаланган көркөм чыгармалары, Кыргызстандын көп этностуу маданиятын байыткан, эстетикалык жана тарбиялык зор таасирге ээ болгон жана коомго кеңири таанылган адабият жана искусство (поэзия, проза, драматургия, музыка, кино, архитектура жана скульптура, театр жана көркөм сүрөт искусствосу, радио жана телечыгармалар) жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн ыйгарылат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сый акыларынын лауреаттарына акчалай сыйлык жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.
Төш белги көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын Кыргыз Республикасынын ардак наамы болсо, ал белгиден кийин тагылат.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 217 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу…Указ · 17.06.2026 · № 217
- “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлдуУказ · 18.06.2026
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044871/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>