Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 17-июну № 217
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. 2025-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы төмөнкү номинацияларда ыйгарылсын:
1) Адабият жаатындагы мамлекеттик сый акы Айтмамбетов Ишен Джакшылыковичке, жазуучу – «Бет-Алман» тарыхый романы үчүн;
2) Музыкалык искусство жаатындагы мамлекеттик сый акы Казаков Тугелбай Токтогуловичке, композитор-обончу, Кыргыз Республикасынын эл артисти – «Боз жорго» музыкалык чыгармасы үчүн;
3) Кино искусство, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы мамлекеттик сый акы Абдыкадыр Тилекке, Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын документалдык жана илимий-популярдуу фильмдердин сценаристи жана кинорежиссеру – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндөЗакон · 21.04.2026 · № 52