Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объектилеринин киберкоопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды бекитүү тууралуу” токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-апрели № 250
Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыз кылууга талаптарды бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыз кылууга талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-декабрындагы № 746 «Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздук системаларын түзүүгө жана алардын иштөөсүн камсыз кылууга талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура субъекттери ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Талаптардан келип чыгуучу чараларды төмөнкүлөрдүн эсебинен көрсүн:
– бюджеттик мекемелер болуп саналган субъекттер үчүн бюджеттик системанын тийиштүү бюджеттеринде каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын;
– коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле чарбалык шериктештиктер жана коомдор болуп саналган субъекттер үчүн өздүк каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган (бюджеттик каражаттардан тышкары) башка булактардын.».
3. Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм субъекттери ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Талаптардан келип чыгуучу чараларды төмөнкүлөрдүн эсебинен көрсүн:
– бюджеттик мекемелер болуп саналган субъекттер үчүн бюджеттик системанын тийиштүү бюджеттеринде каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын;
– коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле чарбалык шериктештиктер жана коомдор болуп саналган субъекттер үчүн өздүк каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган (бюджеттик каражаттардан тышкары) башка булактардын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 30 (3790) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздук…Постановление · 09.12.2024 · № 746
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыз кылууга талаптар (2026-жылдын 14-апрелиндеги № 250 токтомуна тиркеме)Приложение · 14.04.2026 · № 250
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздук…Постановление · 09.12.2024 · № 746
- Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндөЗакон · 17.07.2024 · № 121