Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Александровка айылдык кеңешинин «Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине кайтарып берүү жөнүндө» токтому
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 18-сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 72
Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине кайтарып берүү жөнүндө Айылдык кеңештин план бюджеттик, социалдык мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Т.Булазованын “Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн Александровка айыл өкмөтүнүн бюджетинен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине кайтарып берүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык:
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн Александровка айыл өкмөтүнүн бюджетинен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга кайтарылып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жана Александровка айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ш.Х.Сардиге жүктөлсүн.
Төрайым
Давузова М.Ю.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон