Жазы айылдык кеңешинин Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана бекитүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы
2026-жылдын 18-марты № 11/63
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 24.02.2026-жылдагы №01-01-8/170 сандуу чыгыш каты, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө Кодексинин 73,74,75-беренелерине, 76-беренесинин 2 жана 3 бөлүктөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 03-февралындагы №3/16 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин, төмөндөгүдөй баяндалсын.
2. Жазы айыл аймагынын жеке жана юридикалык жактар-ишкердик иши үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй бекитилсин.
- Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерлерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө;
- Таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин;
- Таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
К.Камчибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 662 "Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдар боюнча эсептөөлөрдүн, жергиликтүү…Постановление · 31.12.2018 · № 662
- Жазы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-февралындагы №3/16 "Салыктардын тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому.Постановление · 03.02.2025 · № 3/16