Жазы айылдык кеңешинин «Салыктардын тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 3-февралы № 3/16
Салыктардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысынын салык кодексине ылайык, зоналдык коэффицентти, таштанды чыгаруу жыйымдарды жана салыктык эмес кирешелер кодексинин 76 беренесине ылайык жыйымдардын наркын бекитип берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап жазы айыл өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жазы айыл аймагынын айыл өкмотунун Токтогул, Жаңы айыл,Кайрат, Ничке -Сай, Аюу, Кутурган,Зергер,Доңуз-Тоо,Ак-Кыя,Кызыл-Тоо айылдарында тазалык ишканасы жоктугуна байланыштуу ар бир кожолуктан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымды 40 (кырк) сомдон.
2.Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын, жеке ишкерлердин иштеген адамдардын санына карата ар бир адамга таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымды 50 сомдон.
3.Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономикалык-пландоонун аймактык коэффиценти Кз 1,2 бекитилсин.
4.18.01.2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 51 главасынын 397 статьясына ылайык айыл өкмөтүнө караштуу Жазы айыл аймагынын айылдарындагы жарандардын мамлекеттик актыда көрсөтүлгөн жерден ашыкча жерлердин ставкасы 1 сотых жерге 10 сомдон бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика,муниципалдык менчик,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага:
К. Камчибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.