1-берене
Күчүндө · 08.04.2026 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 19-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "нотариалдык жактан" деген сөздөр алып салынсын;
2) 14-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "30-беренесинде" деген сөздөр "31-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 16-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Инвестордун мүлкүн кылмыш жасагандыгы үчүн бөгөт коюу чарасы катары конфискациялоо Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.";
4) 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1. Инвестициялар менен байланышкан жана инвестордун Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишин жүзөгө ашырууда келип чыгуучу талаш-тартыштар (инвестициялык талаш-тартыш) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. Инвестициялык талаш-тартыш тараптардын макулдашуусу боюнча медиация аркылуу же болбосо талаш-тартышты сотко чейинки жөнгө салуунун башка макулдашылган ыкмалары менен жөнгө салынышы мүмкүн.
2. Эгерде инвестициялык талаш-тартыш ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте жөнгө салынбаса, инвестициялык талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын сот органдарында чечилет же колдонуудагы арбитраждык эскертмени камтыган тиешелүү жазуу жүзүндөгү макулдашуу болгон учурда, же бул талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык арбитражга берилген учурда арбитражда каралат.";
5) 33-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашырууну пландоочу чет өлкөлүк инвесторлор аккредитациядан ыктыярдуу негизде өтүүгө укуктуу.".
Берененин тексти 08.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230044174/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>