Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым тескемелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-марты № 200-т
Эл аралык өнүктүрүү фонддорунун башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 241-т "Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 248-т "Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 317-т "Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 248-р (Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрү болууга Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча дайындоо…Распоряжение · 21.10.2021 · № 248-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 317-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмотүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун…Распоряжение · 07.12.2021 · № 317-р
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 18-октябрындагы N 241-т "Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасын жана мүчөлөрүн дайындоо тууралуу" ТЕСКЕМЕСИРаспоряжение · 18.10.2021 · № 241-р
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122