Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмотүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө) тискемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 7-декабры № 317-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 9-августундагы № 96 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну андан ары натыйжалуу ишке ашыруу максатында, аталган Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 7 жана 8-беренелерине ылайык:
1. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин (мындап ары - Фонддун кеңеши) мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу органдары менен оз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу компетенттүү орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Фонддун кеңешинин мүчөлөрү дайындалгандыгы жана компетенттүү орган аныкталгандыгы жөнүндө Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө кабарласын.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- 2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү…Закон · 09.08.2021 · № 96
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.