Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине 1-тиркеме)
Тиркеме 1
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 139-т тескемесине)
2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
№
Милдеттер
Чаралар/аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөттөрү
Күтүлүүчү натыйжалар/ индикаторлор
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо булактары
1-глава. Жарандардын, мекендештердин, иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын
Кыргыз Республикасында билим алуу, эмгектик, кесиптик жана маданий потенциалдарын жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруудагы шарттарын өркүндөтүү
1.1
Эмгекке болгон суроо-талаптын жана сунуштун рыноктук факторлоруна ылайык тең салмактуу жана квалификациялуу ички эмгек рыногун өнүктүрүү
Кыргыз Республикасынан жумушчу күчүнүн, айрыкча квалификациялуу адистердин кетишинин кесепеттерин талдоо, анын ичинде аялдар боюнча көрсөткүчтөрдү бөлүп көрсөтүү
2026–2028-жылдар
Эмгек рыногунда учурдагы кырдаал боюнча изилдөө жүргүзүлдү жана чараларды көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга сунушталды
ЭСКММ
Мамлекеттик органдын бюджетинин чегинде
1.2
Эмгек рыногунун, анын ичинде чет өлкөлүк эмгек рыногунун орто жана узак мөөнөттүү муктаждыктарын эске алуу менен жаштар үчүн кесиптик билим берүү системасын модернизациялоо
Эмгек рыногунун аныкталган муктаждыктарына ылайык гендердик багытталган билим берүү программаларын жана стандарттарын актуалдаштыруу жана практикага багытталган окутууну күчөтүү
2026-жыл
Кесиптик билим берүү чөйрөсүндө жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарынын саны
ИЖБИМ, ЭСКММ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
1.3
Заманбап эмгек рыногунун талаптарына жана гендердик артыкчылыктарга жооп берген кесиптик билим берүү кадрларын даярдоо
2027–2030-жылдар
Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү кадрларынын даярдалган саны (жынысы, курагы жана майыптуулугу боюнча бөлүштүрүү менен)
ИЖБИМ, Агартуумин, ЭСКММ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
1.4
Региондор үчүн кесиптик кадрларды максаттуу даярдоо
2027–2030-жылдар
Региондор үчүн максаттуу даярдоонун алкагында даярдалган кадрлардын саны (жынысы, курагы жана майыптуулугу боюнча бөлүштүрүү менен)
ИЖБИМ
Мамлекеттик органдын бюджетинин чегинде
1.5
Кесиптик көндүмдөр боюнча валидациялоо жана сертификаттоо, анын ичинде региондордо
2026–2030-жылдар
Сертификатталган жарандардын саны
Агартуумин, ЭСКММ, КРП облустар-дагы ЫУӨ, КСВБ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
1.6
Кыргыз Республикасынын экономикасынын керектөөлөрүнө ылайык кадрларды даярдоого, экономиканын ар кандай секторлорунда иш менен камсыз кылууну көбөйтүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана калкка татыктуу эмгек акы төлөөгө багытталган жагымдуу шарттарды түзүү, эмгек рыногундагы гендердик сегрегацияны кыскартуу боюнча чараларды көрүү
Студенттик бизнес-инкубаторлорду жана акселераторлорду колдоо
2026–2030-жылдар
Колдоого алынган студенттик стартаптардын саны
ИЖБИМ, ЭКСММ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
1.7
Кайтып келген мигранттар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
Аял мигранттарынын муктаждыктарын артыкчылыктуу түрдө эске алуу менен кайтып келген эмгек мигранттарын реинтеграциялоо программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, анын ичинде программада кайтып келген мигранттарды гранттык колдоо механизмдерин кароо
2026-жыл
Кабыл алынган программа
ЭКСММ
Мамлекеттик органдын бюджетинин чегинде
1.8
Аялдар жана жаштар үчүн бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен ички эмгек рыногундагы бош орундар жөнүндө жумушчу күчүн маалымдоо боюнча натыйжалуу системаны түзүү жана өнүктүрүү
https://jumush.gov.kg калкты жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү порталынын ишин андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү
2026–2030-жылдар
Аялдар жана жаштар боюнча көрсөткүчтөрдү бөлүп көрсөтүү менен вакансиялар базасы аркылуу жумушка орношкон адамдардын саны. Өткөрүлгөн маалыматтык иш-чаралардын саны
ЭСКММ, ММЖСМ, жаш активисттер, ЭУ (макулдашуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
1.9
Калктын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, майыптыгы бар адамдардын, эмгектенип жүргөн мигранттардын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүнө багытталган чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу
Мигранттарды, анын ичинде кайтып келип жаткан мигранттарды инвестициялоо үчүн, анын ичинде айыл чарбасына жана агробизнеске тартуу боюнча механизмди иштеп чыгуу жана инструменттерди ишке ашыруу
2026–2028-жылдар
Аялдардын, жаштардын жана аялуу топтордун инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө эркектер менен бирдей кепилденген жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу механизмдин/инстру-менттердин болушу. Тартылган мигранттардын саны (жынысы, курагы жана майыптыгынын болушу боюнча бөлүштүрүү менен)
ЭКМ, САЧКӨМ, ЭСКММ, ЖӨБО (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
1.10
Республиканын региондорунда стартаптарды колдоо, ишкерлерге (анын ичинде кайтып келип жаткан эмгек мигранттарына) жардам көрсөтүү үчүн ишкердик көндүмдөрүнө окутуу жана гендердик сезимтал билим берүү хабдарын жана акселерациялык программаларды түзүү боюнча чараларды ишке ашыруу
2026–2030-жылдар
Окутулган ишкерлердин саны (жынысы, курагы жана майыптыгынын болушу боюнча бөлүштүрүү менен). Колдоого алынган стартаптардын, анын ичинде аялдар жетектегендердин саны. Билим берүү хабдарынын жана акселерациялык программалардын саны
ЭСКММ, ЭКМ, ЖМА
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
1.11
Рыноктук механизмдерди (жеткиликтүү кредит берүү, микрокаржылоо, кайра окутуу ж.б.) колдонуу менен жергиликтүү ишкерлерди, анын ичинде кайтып келип жаткан мигранттарды колдоо чараларын иштеп чыгуу
2026–2027- жылдар
Иштелип чыккан колдоо чараларынын саны
ЭСКММ, ЭКМ, ЖМА
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
2028–2030- жылдар
Аталган чаралардын алкагында колдоого алынган жергиликтүү ишкерлердин саны (жынысы, курагы жана майыптыгынын болушу боюнча бөлүштүрүү менен)
1.12
Жашаганга каражаттарды камсыз кылган жана жергиликтүү жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен долбоорлорду колдоо боюнча демилгелерди ишке ашыруу
2027–жыл
Колдоого алынган демилгелердин жана долбоорлордун саны
ЖМА, ЖӨБО, (макулдашуу боюнча), САЧКӨМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
1.13
Мектепке чейинки, мектептик, атайын жана жогорку билим берүү системасы аркылуу балдардын, жаштардын жана жалпы калктын өз өлкөсүндө мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга багытталган көз караштардын жана кызыкчылыктардын системасын калыптандыруу
Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмдарын камтуу менен патриоттук багыттагы маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүү
2026–2030-жылдар
Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны
Агартуумин
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
1.14
Чет өлкөдө жашаган мигранттардын балдары менен билим берүү жана маданий онлайн иштер
2026–2030-жылдар
Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны
ЭСКММ, Агартуумин, ММЖСМ, ТИМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
1.15
Мектептерде укуктук сабаттуулук жана адам укуктары боюнча класстан тышкаркы иш-чараларды/факультативдер-ди өткөрүү
2026–2030-жылдар
Маалымат алган балдардын жана жаштардын саны
Агартуумин
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
1.16
Мигранттарга оң жана толеранттуу мамиле жасоо бөлүгүндө коомдук пикирди калыптандыруу жана жүрүм-турум аспекттерин өзгөртүү
Кыргыз Республикасынын аймагында толеранттуулук деңгээлине жүргүзүлгөн баалоонун негизинде мигранттардын бардык категорияларына ак ниет басмырлоосуз мамилени калыптандыруу боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүү
2026-жыл
Толеранттуулук деңгээлин баалоонун натыйжасы бар
ЭСКММ, ИИМ, ММЖСМ, ЖМА, ЖӨБО, активист жаштар, КЭУ, ЭУ (макулдашуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
2027–2030 жылдар
Жергиликтүү калктын жана мигранттардын, анын ичинде студенттердин арасында өткөрүлгөн иш-чаралардын саны
2-глава
Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн калктын, мекендештердин, иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын миграциялык потенциалын пайдалануу
2.1
Чет өлкөдө эмгек миграциясында жүргөн жарандарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандарды пенсиялык камсыздоо системасына тартуу
Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандарды пенсиялык камсыздоо жөнүндө өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык келишимдерди иштеп чыгуу жана түзүү
2026–2030-жылдар
Эмгектенип жүргөн мигранттардын пенсиялык укуктарын ишке орноштурган мамлекеттин жарандары үчүн кандай шарттарда жана тартипте болсо, ошондой эле сактоону (пенсияларды дайындоо жана экспорттоо) караган өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык келишимдерди түзүү
СФ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
2.2
Мигранттардын, мекендештердин жана алардын бирикмелеринин потенциалын социалдык, маданий, билим берүү долбоорлорун, жергиликтүү коомчулуктарды жана региондорду өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга тартуу
Аялдардын окууга жана бизнес көндүмдөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө басым жасоо менен мигранттар, анын ичинде кайтып келген мекендештер жана жергиликтүү ишкерлер үчүн бизнес-пландарды иштеп чыгуу жана финансылык сабаттуулук боюнча онлайн жана оффлайн курстарды илгерилетүү
2026–2028 жылдар
КРнын ар бир облусунда жылына 50дөн кем эмес адам, анын ичинде 30 %дан кем эмес аял окуудан өттү (жынысы, жашы жана майыптыгынын болушу боюнча бөлүштүрүү менен). Маалыматтык роликтерди, окуу модулун көрүүлөрдүн саны
ИЖБИМ, КРУБ (макулда-шуу боюнча), Мамкызмат жана ЖОБ боюнча агенттик, КРП облустар-дагы ЫУӨ, ЭУ, КЭУ (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
2.3
Финансылык сабаттуулук жана бизнес-пландаштыруу боюнча жергиликтүү консультанттардын маалыматтар базасын түзүү жана колдонуу
2026-жыл
Маалыматтар базасынын болушу
ИЖБИМ, КРУБ (макулда-шуу боюнча), Мамкызмат жана ЖОБ боюнча агенттик, КРП облустар-дагы ЫУӨ, ЭУ, КЭУ (макулда-шуу боюнча)У
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
2.4
Мигранттарды, кайтып келген мекендештерди жана алардын бирикмелерин Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө социалдык, маданий, билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга тартуу
2026–2030-жылдар
Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны
ЭСКММ, ММЖСМ, Агартуу-мин, ТИМ, ЖӨБО (макул-дашуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
2.5
Мигранттарды, анын ичинде кайтып келгендерди жергиликтүү коомчулуктардын жана региондордун стратегияларын жана программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга тартуу
2026–2030-жылдар
Иштелип чыккан стратегиялардын жана программалардын саны
КРП облустар-дагы ЫУӨ, ЭУ, КЭУ (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
3-глава
Өлкөнүн чегинен тышкары болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн иммигранттардын, мекендештердин жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо системасын түзүү
3.1
Мамлекеттик жана жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта жана коопсуз кабыл алуу программалары менен камтуу жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттер аралык программалардын географиясын кеңейтүү
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу географиясын кеңейтүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу
2026–2027-жылдар
Жол картасынын болушу
ЭСКММ, ТИМ, ЭУ (МЭУ) (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
3.2
Чет мамлекеттер менен тышкы эмгек миграциясы жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө кошумча ведомстволор аралык макулдашууларды, меморандумдарды жана протоколдорду иштеп чыгуу жана түзүү
2026–2028-жылдар
Тышкы эмгек миграциясы жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө кол коюлган макулдашуулардын, меморандумдардын жана протоколдордун болушу
ЭСКММ, ТИМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.3
Мигранттардын укуктарын коргоо максатында чет өлкөлөрдөгү мигранттардын эмгек шарттарына мониторинг жүргүзүү боюнча механизмди түзүү жана ишке киргизүү
2026–2028-жылдар
Иштеген механизмдин болушу
ЭСКММ, ТИМ, ЖИКА, чет өлкөлөр-дөгү коомдук бирикмелер (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.4
Аялдарга жана жаштарга өзгөчө басым жасоо менен мигранттардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу
Аялдардын жана жаштардын муктаждыктарын эске алуу менен migrant.kg сайтын жана мобилдик тиркемесин жана «Мигранттын маалымдамасы» мобилдик тиркемесин колдоо жана үзгүлтүксүз жаңылоо
2026–2030-жылдар
Сайтка кирүүлөрдүн жана мобилдик тиркемелерди жүктөп алуулардын санын көбөйтүү. Аял мигранттар жана жаштар үчүн өзүнчө бөлүмдөрдүн/материал-дардын болушу
ЭСКММ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.5
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарын консулдук коргоо менен камтуу, жардам көрсөтүү жана өз ара аракеттенүү деңгээлинин натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү консулдук катышуусун кеңейтүү
2026–2030-жылдар
Ачылган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин саны
ТИМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.6
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарына консулдук-укуктук көмөк көрсөтүү
2026–2030-жылдар
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин консулдук кызмат адамдарынын жеке кабыл алуусунун жүрүшүндө консультациялык-укуктук көмөк көрсөтүлгөн жарандардын саны
ТИМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.7
«Электрондук Консул» порталы аркылуу бир катар консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү жана актуалдуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын маалымдуулугун жогорулатуу
2026–2030- жылдар
«Электрондук Консул» порталына кирүүлөрдүн саны
ТИМ, ЭУ (ЭМУ) (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
3.8
Мигранттар, иммигранттар, мекендештер жана жарандыгы жок адамдар үчүн документтештирүү системасын өркүндөтүү
Кыргыз Республикасынын жарандарынын актылык жазууларын санариптештирүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү
2026–2029- жылдар
Санариптештирилген документтердин саны
«Кызмат» ММ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.9
Мигранттарга, иммигранттарга, жарандыгы жок адамдарга, мекендештерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык жардам жана билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана социалдык коргоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк маселелерин мамлекеттер аралык деңгээлде илгерилетүү
Кургак учукту алдын алуунун, диагностикалоонун жана дарылоонун конкреттүү жана натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу жана мигранттар арасында кургак учукка каршы эпидемияга каршы чараларды жүргүзүү
2026–2030- жылдар
Диаспора өкүлдөрүнүн жана эмгек мигранттарынын катышуусу менен өткөрүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларынын саны. Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин кургак учук маселелери боюнча эмгек мигранттарынын кайрылууларынын саны
ССМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.10
Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн медициналык жардам көрсөтүү боюнча кошумча ведомстволор аралык макулдашууларды, меморандумдарды жана протоколдорду иштеп чыгуу жана түзүү
2026–2030- жылдар
Кыргыз Республикасынын мигранттары турган мамлекеттер менен бекитилген документтердин саны
ССМ, Агартуумин
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.11
Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандары-мигранттардын балдары үчүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн берүү боюнча ведомстволор аралык кошумча макулдашууларды, меморандумдарды жана протоколдорду иштеп чыгуу жана түзүү
2026–2030- жылдар
КР мигранттары турган мамлекеттер менен бекитилген документтердин саны
ССМ, Агартуумин
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.12
Бара турган өлкөлөрдө, ошондой эле Кыргыз Республикасында турмуштук оор кырдаалда турган мигранттардын балдарынын жана үй-бүлөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу
Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк таризделбей калган эмгек мигранттарынын балдарын эсепке алуу жана социалдык жактан коштоо
2026–2030- жылдар
Социалдык коштоо системасына тартылган эмгек мигранттарынын балдарынын саны
ЭСКММ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.13
Ата-энесинин камкордугусуз калган жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн, Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды репатриациялоо
2026–2030- жылдар
Башка мамлекеттерде ата-энесинин камкордугусуз калган, Кыргыз Республикасынын жараны болгон мекенине кайтарылган балдардын саны
ЭСКММ, ТИМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.14
Эмгек миграциясына кетип жаткан ата-энелердин, анын ичинде камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн жоопкерчилиги жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
2026–2030- жылдар
Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны
ЭСКММ, ММЖСМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.15
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары убактылуу жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу
Жаңы жана заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде добуш берүүнүн географиясын кеңейтүү
2026-жыл
Камтылган аймактардын саны
БШК, ТИМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.16
Жаңы жана заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен добуш берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык кампанияларды өткөрүү
2027-жыл
Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны
БШК, ТИМ, ММЖСМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.17
Бардык кызыкдар тараптар үчүн миграциянын бардык этаптарында так жана өз убагында маалымат берүү
Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын жана чет өлкөдөгү мекемелеринин «Шыр байланыш» ишин камсыз кылуу
2026–2028- жылдар
«Шыр байланыш» саны
ЭСКММ, ТИМ, ЭУ (ЭМУ) (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
2026–2030- жылдар
Мигранттардын кайрылууларынын саны
3.18
Миграцияга чейинки багыт берүү жана сапарга чейинки даярдоо борборлорун, анын ичинде региондордо ачуу
2026–2028-жылдар
Борборлордун саны
ЭСКММ, Агартуу-мин, КРП облустарда-гы ЫУӨ, ЭУ (ЭМУ) (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
3.19
Чет өлкөгө чыгуунун ар кандай багыттары боюнча сапар алдындагы даярдоо программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү
2026–2028-жылдар
Программалардын саны
ЭСКММ, Агартуу-мин, КМ, КЭУ, ЖЖА (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
2026–2030-жылдар
Окутулган жарандардын саны
3.20
Зордук-зомбулуктан жана/же адам сатуудан жабырлануучулар, аялдар жана мигрант кыздар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде психологиялык жана психиатриялык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле баш калкалоочу жайларга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу
Зордук-зомбулуктан жана/же адам сатуудан жабырлануучуларга, миграцияга тартылган аялдарга жана кыздарга көрсөтүлүүчү кызматтарды кеңейтүү боюнча сунуштарды киргизүү
2026–2027-жылдар
Көрсөтүлгөн кызматтардын саны
ЭСКММ, ССМ, ИИМ, КЭУ (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
2026–2030-жылдар
Жардам алган адамдардын саны (жынысы, жашы жана майыптуулуктун болушу боюнча бөлүштүрүү менен)
3.21
Согуштар, табигый кырсыктар жана пандемиялар сыяктуу глобалдык кризистер учурунда эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоо боюнча механизмди иштеп чыгуу жана киргизүү
Согуш абалына, табигый кырсыктарга жана эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү жарандарынын жана Кыргыз Республикасындагы чет элдик жарандардын укуктарын коргоо үчүн оперативдүү чара көрүү механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү
2026–2027-жылдар
Тиешелүү тематикалык документтин болушу
ЭСКММ, ТИМ, ӨКМ, ССМ, ИИМ, ИЖБИМ, КРП облустарда-гы ЫУӨ, ЖМА, ЭУ (ЭМУ) (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
3.22
Миграция менен байланышкан тармактарда иштеген бардык кызмат адамдарына, атап айтканда, укук коргоо жана чек ара органдарынын кызматкерлерине, сотторго, прокурорлорго, консулдук кызматкерлерге, улуттук, региондук жана жергиликтүү деңгээлдердеги башка кызмат адамдарынын, социалдык кызматкерлердин, жарандык коомдун уюмдарынын, эмгек инспекциясынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин укуктары боюнча окутуу жана даярдоо программаларын бекемдөө
Миграция менен байланышкан тармактарда иштеген бардык кызмат адамдары жана башка адамдар үчүн Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча БУУнун конвенциясына ылайык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча үзгүлтүксүз окутуу тренингдерин жана семинарларын өткөрүү
2026–2028-жылдар
Тренингдердин жана семинарлардын саны. Окуудан өткөн адамдардын саны
ЭСКММ, тармактык ведомство-лор, КМ, КЭУ (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
3.23
Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча БУУнун конвенциясы боюнча эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого карата алардын маалыматка жана консультациялык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча БУУнун конвенциясы боюнча эмгек мигранттары үчүн маалыматка жана консультациялык жардамга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү
2026–2030-жылдар
Кыргыз Республикасында колдонулуучу тилдерде маалыматтык материалдарды расмий интернет-ресурста жайгаштыруу жана актуалдаштыруу. Маалыматтык роликтерди/материал-дарды көрүүлөрдүн/жүктөө-лөрдүн саны
ЭСКММ, КЭУ, ЭУ (ЭМУ) (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
3.24
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишим жана БУУнун Бардык эмгекчи мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө конвенциясы тууралуу маалыматты жайылтуу боюнча жарандык коом уюмдары, жаштар уюмдары жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү
Өкмөттүк эмес жана жаштар уюмдары менен биргеликте Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишим, БУУнун Бардык эмгекчи мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө конвенциясы, ошондой эле коопсуз миграциянын принциптери жөнүндө маалыматты жайылтууга багытталган маалыматтык кампанияларды өткөрүү
2026–2030-жылдар
Өткөрүлгөн маалыматтык иш-чаралардын саны
ЭСКММ, ММЖСМ, КМ, КЭУ (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
3.25
Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимдин жана БУУнун Бардык эмгекчи-мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө конвенциянын жоболорунун, эмгекчи мигранттарды ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу шарттарынын, ошондой эле багытталган мамлекеттердин мыйзамдарына жана жалдоо практикасына ылайык алардын укуктарынын жана милдеттеринин маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү материалдарын, анын ичинде макалаларды жана профилдик эксперттер менен интервьюларды жалпыга маалымдоо каражаттарында үзгүлтүксүз жайгаштыруу
2026–2030- жылдар
Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтык макалалардын жана интервьюлардын саны
ЭСКММ, ММЖСМ, КМ, КЭУ, ЖЖА (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
3.26
Туруктуу укуктук статусу жок эмгек мигранттарынын балдарынын мектептик билим алуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
Туруктуу укуктук статусу жок эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен алардын балдарынын милдеттүү мектептик билим алуусун камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
2026–2030- жылдар
Өткөрүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларынын саны
Агартуу-мин, ЖМА, ЖӨБО (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
3.27
Чек аралык эмгекчилер тарабынан Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибинин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү
Кыргыз Республикасынын аймагында болуу жана Мамлекеттик чек арасын кесип өтүү режими жана эрежелери маселелери боюнча чек аралык эмгекчилер үчүн маалыматтык кампанияларды өткөрүү
2026–2030- жылдар
Өткөрүлгөн маалыматтык кампаниялардын саны
ЭСКММ, ЭУ (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
3.28
Натыйжалуу мамлекеттик саясатты жана программаларды түзүү максатында эмгекчи-мигранттардын балдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган мигранттардын балдарынын, ошондой эле чет өлкөдө болгон жана Кыргыз Республикасында калган кыргыз эмгекчи-мигранттардын балдарынын абалы боюнча жалпы улуттук изилдөө жүргүзүү
Эмгекчи-мигранттардын балдарынын абалы боюнча изилдөө жүргүзүү
2026–2028- жылдар
Тематикалык (аналитикалык) изилдөөнүн болушу
ЭСКММ, ЭУ, КЭУ (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
3.29
Эмгекчи-мигранттардын балдарынын абалын жакшыртууга багытталган иш-аракеттер программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча сунуштарды киргизүү
2029-жыл
Жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжалары боюнча түзүлгөн тыянактардын жана сунуштамалардын негизинде иш-аракеттер программасынын болушу
ЭСКММ, Агартуумин, ИИМ, ММЖСМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
4-глава. Коопсуз миграциялык чөйрөнү түзүү
4.1
Адамдарды жашаган жерин таштап кетүүгө мажбурлаган экологиялык мүнөздөгү факторлордун, өзгөчө кырдаалдардын, климаттын өзгөрүшүнүн жана жаратылыш ресурстарынын деградациясынын жагымсыз таасирин минималдаштыруу
Райондук жана облустук деңгээлдерде табигый кырсыктарга (өзгөчө кырдаалдар, климаттык тобокелдиктер, жерлердин деградациясы ж.б.) негизги аялуулуктардын профилдерин иштеп чыгуу
2026–2027- жылдар
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана алардын негизинде иштелип чыккан табигый кубулуштарга карата негизги аялуулуктардын профилдеринин саны
ӨКМ, ЖРЭТКМ, ЭСКММ, КРП облустар-дагы ЫУӨ, ЭУ (макул-дашуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
4.2
Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдарга климаттык миграциянын компонентин киргизүү маселесин иштеп чыгуу
2028-жыл
Климаттык миграция боюнча компонент иштелип чыкты жана киргизилди
ЖРЭТКМ, ЭСКММ, ӨКМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
4.3
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган миграция процесстерин жөнгө салуучу мыйзамдарга жана мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү
Миграция чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүү
2026–2027- жылдар
Инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча корутундунун жана ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштардын болушу
ЭСКММ, ЭУ, КЭУ, ЖЖА (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
4.4.
Миграция чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды эл аралык жана региондук стандарттарга ылайык өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү
2027–2030- жылдар
Иштелип чыккан жана кабыл алынган документтердин саны
ЭСКММ, ЭУ (макул-дашуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
4.5
Эмгек миграциясы мыйзамдары маселелери боюнча жооптуу кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу
2026–2030- жылдар
Өткөрүлгөн тренингдердин саны. Окутулган кызматкерлердин саны
ЭСКММ, ЭУ, КЭУ (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
4.6.
Мигранттар арасында чыр-чатактарды, зомбулукту, диний радикалдашууну жана экстремизмди алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү
Диний радикалдашуунун жана экстремизмдин алдын алуу, ошондой эле мигранттарды маданий жактан багыттоо жолу менен чыр-чатактардын алдын алуу боюнча биргелешкен маалыматтык кампанияларды өткөрүү
2026–2030- жылдар
Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны
ИИМ, ММЖСМ, КРП облустар-дагы ЫУӨ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
4.7
Эл аралык стандарттарга ылайык иммиграциялык контролдоо системасын өркүндөтүү
Чет мамлекеттер менен реадмиссия жөнүндө эки тараптуу өкмөттөр аралык макулдашууларды иштеп чыгуу
2026–2030- жылдар
Чет мамлекеттер менен эки тараптуу өкмөттөр аралык иштелип жаткан макулдашуунун саны
ИИМ, ТИМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
4.8
Республикалык жана жергиликтүү деңгээлдерде миграция боюнча статистикалык маалыматтарды (комплекстүү жана дезагрегацияланган) чогултуунун жаңы иштелип чыккан улуттук системасын киргизүү
Миграциянын агымдары боюнча статистикалык маалыматтарды чогултуунун стандартташтырылган системасын киргизүү жана отчетторду жынысы, жашы, жарандыгы, өлкөгө кирүү жана андан чыгуу себептери, аткарылып жаткан иштин түрү, эмгек мигранттарынын категориялары, этникалык келип чыгышы, миграциялык статусу жана майыптыгы боюнча дезагрегациялоо менен жарыялоо
2026–2030- жылдар
Миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында маалыматты жарыялоону камтыган статистикалык маалыматтарды чогултуунун өркүндөтүлгөн системасынын болушу
ЭСКММ, Улутстатком
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
4.9
Миграция маселелери боюнча жооптуу кызматкерлердин миграциялык маалыматты чогултуу, талдоо жана жайылтуу бөлүгүндөгү потенциалын өнүктүрүү
2026–2030- жылдар
Окутулган кызматкерлердин саны
ЭСКММ, ЭУ, КЭУ, ИЖА (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
4.10
Мобилдүүлүктү көзөмлдөө матрицасы (МКМ) боюнча маалыматтарды чогултуу этаптарын өткөрүү
2026–2027-жылдар
Маалыматтарды чогултуунун натыйжалары боюнча даярдалган аналитикалык отчеттор жана интерактивдүү карталар
ЭСКММ, ЭУ (ЭМУ) макулдашуу боюнча
4.11
Эмгек мигранттары жөнүндө ЭЭУнун 1975-жылдагы № 143 конвенциясын (кошумча жоболор) же ЭЭУнун 2011-жылдагы үй кызматкерлери жөнүндө № 189 конвенциясын ратификациялоо жана аларга кошулуу жөнүндө маселени кароо
ЭЭУнун № 143 жана № 189 конвенцияларына кошулуу же ратификациялоо мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу. ЭЭУнун № 143 жана № 189 конвенцияларына кошулуу же ратификациялоо боюнча талдоо жүргүзүү жана сунуштарды даярдоо
2026–2030- жылдар
ЭЭУнун № 143 жана № 189 конвенцияларына кошулуу же ратификациялоо. ЭЭУнун № 143 жана № 189 конвенцияларына кошулуу жана/же ратификациялоо мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн аналитикалык материалдар жана сунуштар түзүлдү
ЭСКММ, ИИМ, ТИМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
4.12
Эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү коррупция учурларын аныктоо жана карап чыгуу боюнча чараларды көрүү, кайрылуулар боюнча тиешелүү иликтөөлөрдү жүргүзүү
Эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата коррупция фактылары боюнча изилдөө жүргүзүү
2030-жыл
Эмгек мигранттарынын коррупцияга кабылган этаптарын жана маселелерин аныктоого мүмкүндүк берген изилдөөнүн болушу
ЭСКММ, Акыйкатчы (Омбуд-смен), КЭУ (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
4.13
Аныкталган коррупция фактылары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү жана алар боюнча чараларды көрүү
2026–2030- жылдар
Иликтөө иштеринин жана алар боюнча чыгарылган чечимдердин саны
ИИМ, БП (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
4.14
Эмгек мигранттарын коррупция фактылары боюнча кайрылууга үндөгөн, алардын укуктары жана артыкчылыктары, ошондой эле акысыз көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалымат берген маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүү
2026–2030- жылдар
Өткөрүлгөн маалыматтык иш-чаралардын саны
ЭСКММ ММЖСМ
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде
4.15
Бардык эмгек мигранттарынын кесиптик бирликтердин ишине катышуу жана кесиптик бирликтерге эркин кирүү укугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүү, анын ичинде мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү
«Кесиптик бирликтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү беренелерин БУУнун Бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча конвенциясына жана Эл аралык эмгек уюмунун 1948-жылдагы № 87 биригүү эркиндиги жана кесиптик бирликтерге биригүү укугун коргоо жөнүндө конвенциясына ылайык келтирүү
2026–2030- жылдар
Улуттук мыйзамдардын БУУнун Бардык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жөнүндө конвенциясынын жана Эл аралык эмгек уюмунун № 87 конвенциясынын жоболоруна шайкештиги
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерация-сы
Тартылган каражаттардын эсебинен
4.16
2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү
Институттук мониторинг жүргүзүү системасын чыңдоо
2026-жыл
Институттук мониторинг жүргүзүү куралдарынын болушу
ЭСКММ, бардык жооптуу органдар, ЭУ (макулда-шуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттардын эсебинен
2030-жыл
2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча аналитикалык жыйынтыктоочу отчеттун болушу
4.17
БУУнун Бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө конвенциясынын жоболорун аткаруу боюнча Үчүнчү мезгилдүү отчетту даярдоо
2029-жыл
Кыргыз Республикасынын Үчүнчү мезгилдик баяндамасынын болушу
ЭСКММ, ЭУ (макулда-шуу боюнча)
4.18
Коопсуз, иреттүү жана мыйзамдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимдин жоболорун аткаруу боюнча улуттук ыктыярдуу отчетту даярдоо
2026-жыл
Отчеттун болушу жана Кыргыз Республикасынын делегациясынын Эл аралык миграция боюнча глобалдык форумга катышуусу
ЭСКММ, ТИМ, ЭУ (макулда-шуу боюнча)
Кыскартуулардын тизмеси
«Кызмат» ММ
–
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси
МГК
–
Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишим
БП
–
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
ИИМ
–
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
САЧКӨМ
–
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖМА
–
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
ССМ
–
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ТИМ
–
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
ММЖСМ
–
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
ИЖБИМ
–
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
Агартуумин
–
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
ЖРЭТКМ
–
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
ЭСКММ
–
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
ФМ
–
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ӨКМ
–
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
ЭКМ
–
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ЭУ
–
эл аралык уюмдар
МЭУ
–
Миграция боюнча эл аралык уюм
ЭЭУ
–
Эл аралык эмгек уюму
КРУБ
–
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
КЭУ
–
коммерциялык эмес уюмдар
ЖӨБО
–
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
КРП облустардагы ЫУӨ
–
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
Социалдык фонд
–
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
БШК
–
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
КСВБ
–
Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору
–
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору
ИЖА
–
ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктер
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 139-т (2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке…Распоряжение · 05.03.2026 · № 139-т
- Кесиптик бирликтер жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 130