Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 5-марты № 139-т
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 191 «2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;
2) Иш-чаралар планынын бюджети 2-тиркемеге ылайык;
3) Иш-чаралар планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
– Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө так аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
– 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашырууну тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын алкагында жүргүзсүн;
– ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен жалпылоо үчүн Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
– Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ишти жалпы координациялоону жүргүзсүн;
– ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин;
– жыл сайын 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын ишке ашыруунун экинчи этабын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- 2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…План · 05.03.2026 · № 139-т
- 2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын бюджети (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Приложение · 05.03.2026 · № 139-т
- 2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо…Приложение · 05.03.2026 · № 139-т
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 191 "2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.05.2021 · № 191