Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа «Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 10-марты № 113-чуа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа «Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жобонун 93-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 20-пунктунун 1-пунктчасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» (мындан ары – Курулуш министрлиги) жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа «Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 23, 24 жана 25-пункт менен толукталсын: «
23
«Чжэцзян биринчи гидроэнергетикалык курулуш корпорациясы» ЖЧКсы
Кытай Эл Республикасы
Чжэцзян муниципалдык рынокту көзөмөлдөө башкармалыгы
Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш-монтаждоо иштери
Бирдиктүү социалдык кредиттик код 91330000253921473W 2025-жылдын 28-февралы
24
«Чжэцзян Цзяннэн Строй» ЖЧКсы
Кытай Эл Республикасы
Ханчжоу жогорку технологиялык өнөр жайды өнүктүрүү шаарынын Биньцзян районунун базарды көзөмөлдөө башкармалыгы
Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш-монтаждоо иштери
Бирдиктүү социалдык кредиттик код 91330000704206584Х 2025-жылдын 18-сентябры
25
«Хуахуй Хэнтун» Синьцзян курулуш компаниясы» ЖЧКсы
Кытай Эл Республикасы
Урумчи шаарынын Шуймогоу райондук базарды көзөмөлдөө башкармалыгы
Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш-монтаждоо иштери
Бирдиктүү коомдук кредиттик код 9165010255240437ХВ 2025-жылдын 08-апрели
».
2. Курулуш министринин орун басары Б.Б. Турдугулов:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» № 117 токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чаралар көрүлсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат катары жиберилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Курулуш министринин орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин www.egov.kg расмий сайтында 2026-жылдын 10-мартында жарыяланды.
Министр
Н.К. Орунтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери…Постановление · 22.04.2025 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа "Кыргыз…Приказ · 26.11.2024 · № 82-нпа
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык) жобоПоложение · 14.12.2023 · № 678
- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна)Положение · 22.04.2025 · № 221