Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин «Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына киргизүү үчүн талапкерлерди бекитүү жөнүндө»
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш, 4-сессиялык отурум
2025-жылдын 24-марты № 13 Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына киргизүү үчүн талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июлундагы № 62 “Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын19 беренесинин 1-п.,5-п. ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобо жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө протоколдорду жана маалыматтарды карап чыгып, Жайыл айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
1.Шайлоочулардын чогулушунан № 7328, № 7338, № 7339 № 7340 участкалык шайлоо комиссиясынын курамы бекитилсин.
2.Жайыл айылдык кеңеши кезексиз сессиянын токтомун, жыйналыштардын протоколдорун жана көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Л.А.Төлөгөновага жүктөлсүн.
Төрага
К.К. Чолпонкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.