Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 23-февралы № 129
Товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РЦА Ливинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү максатында, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 8-октябрындагы № 627-т тескемеси менен жактырылган жана 2024-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РЦА Ливинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү товарлар ага кошумча макулдашууларды эске алуу менен товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 15 (3775) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52