5-берене
Күчүндө · 27.01.2026 редакциясы
1. 2026-2028-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 8-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2026-жылы капиталдык салымдарды каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
1) капиталдык салымдарды каржылоого 27680000,0 миң сом суммасында каралган каражаттардын көлөмү төмөнкүдөй тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Барскоон-Бедел автомобиль жолун курууга 17680000,0 миң сом;
- 10000000,0 миң сом артыкчылыгын эске алуу менен 2026-жылга бекитилген тизмеге ылайык социалдык-экономикалык объекттерди, ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын, ирригациялык курулмаларды, автомобиль жолдорун, улуттук коопсуздук, укук тартиби, куралдуу күчтөрдүн объекттерин жана стратегиялык маанидеги объекттерди долбоорлоону, курууну, капиталдык оңдоону жана реконструкциялоону аяктоого/улантууга жумшалсын;
2) коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерге жайгаштырылуучу мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруудан түшкөн каражаттар.
3. 2027-2028-жылдары капиталдык салымдарды каржылоого каражаттардын пландык көлөмү төмөнкү тартипте бекитилсин:
1) 2027-жылы - 27860000,0 миң сом, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Барскоон-Бедел автомобиль жолун курууга 17860000,0 миң сом;
2) 2028-жылы - 27900000,0 миң сом, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Барскоон-Бедел автомобиль жолун курууга 17900000,0 миң сом.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2026-жылы - 1500000,0 миң сом, 2027-жылы - 1500000,0 миң сом, 2028-жылы - 1500000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин.
Берененин тексти 27.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230042095/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>