4-берене
Күчүндө · 27.01.2026 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын 2026-2028-жылдарга республикалык бюджетинен чыгашаларды каржылоого каражаттар 5, 6 жана 7-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
2. Республикалык бюджеттин кирешелеринин бир бөлүгүн республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү аркылуу Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна которуу төмөнкүдөй тартипте белгиленсин:
1) 2026-жылы - 50000000,0 миң сом;
2) 2027-жылы - 10000000,0 миң сом;
3) 2028-жылы - 10000000,0 миң сом.
3. Ушул Мыйзамда каралбаган Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүүнүн кошумча булактары Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетине кийин жазуу жүзүндө кабарлоо менен которулат жана ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна киргизилет.
4. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында аныкталган максаттарга пайдаланылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун акча каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн каражаттарды алуучулар жоопкерчилик алат.
Берененин тексти 27.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230042095/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>