Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 «Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-февралы № 140
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 «Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 «Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1, 7-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 2-3-тиркемеде «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак
жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары белгиленген тартипте юридикалык жактар катары региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин токтотууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) жыл сайын республикалык бюджетте улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү үчүн региондорду өнүктүрүү фонддоруна каражаттарды карасын;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 17 (3777) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 "Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.09.2024 · № 554
- Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2024-жылдын 11-сентябрындагы№ 554 токтомуна)Типовое положение · 11.09.2024 · № 554
- Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методика (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554…Методика · 11.09.2024 · № 554
- Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо (1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 140 токтомуна)Приложение · 27.02.2026 · № 140
- Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методика (2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Приложение · 27.02.2026 · № 140
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 "Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.09.2024 · № 554
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59