Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар «Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу» долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш уюмдардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 4-февралы № 60-т
Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдарга жогоруда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бул тескемеде белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Begin_nocompare
Тиркеме
Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш уюмдардын ТИЗМЕГИ
№
Уюмдун аталышы, СИН
Улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышы
Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы
Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү
Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагындагы улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелери
1
"Кыргыз футбол биримдиги" юридикалык жактардын бирикмеси, СИН 00612201910286
"Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоору
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө
Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3