Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Красная Речка айылдык кеңешинин 2022-год, 28-декабрь № 29/X «Красная Речка айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча Типтүү эрежени бекитүү жөнүндө» токтому
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-год, 28-декабрь № 29/X
Красная Речка айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча Типтүү эрежени бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябырындагы ПЖ №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябырындагы №262 «Айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө» буйругун жетекчиликке алып жана тиричилик калдыктарын чогултуу, ташуу, утилдештирүү, кайра иштетүү жана көмүү боюнча натыйжалуу системаны түзүү, калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө алардын зыяндуу таасирин алдын алуу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча Типтүү эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, транспорт, өнөр жай жана турак жай – коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Н.С.Бекбоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу…Указ · 06.09.2022 · № 305