Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-февралы № 134
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдерди талаптагыдай күтүүнү жана эксплуатациялоону камсыз кылуу максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 61, 62 жана 63-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– өтүү үчүн жыйым алынуучу автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 «Бишкек – Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 677 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 «Бишкек – Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 15 (3775) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Өтүү үчүн жыйым алынуучу автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардын тизмеги (1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 134 токтомуна)Приложение · 25.02.2026 · № 134
- Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн өлчөмдөрү (2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер…Приложение · 25.02.2026 · № 134
- Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн тартиби (3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер…Приложение · 25.02.2026 · № 134
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын…Постановление · 05.12.2023 · № 638 · Күчүн жоготкон
- Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн ТАРТИБИПорядок · 05.12.2023 · № 638 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош…Постановление · 12.11.2024 · № 677 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын…Постановление · 05.12.2023 · № 638 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош…Постановление · 12.11.2024 · № 677 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90