Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 „Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 февраля 2026 № 134 "Об утверждении размера и порядка уплаты сбора за проезд транспортных средств по искусственным сооружениям на автомобильных дорогах общего пользования"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-02-25.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 134 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-ноябры № 677
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин укугунун жоболору менен шайкеш келтирүү максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 61, 62-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн өлчөмдөрү ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн тартибинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Бажылык тариздөөдөн өткөн, бирок мамлекеттик каттоодон өтпөгөн транспорт каражаттарынын ээлеринен жыйым Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт каражаттарынын төлөөчүлөрүндөй алынат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Зарыл болгон учурда транспорт каражатынын категориясын жана таандыктыгын тактоо үчүн төлөөчү контролдоо-өткөрүү пунктунун кызматкерине транспорт каражатынын каттоо документтерин көрүү үчүн берүүгө милдеттүү.".
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркеме
"Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
№
Категория (ТК)
Автотранспорттун түрү
Транспорт каражаттарынын өтүү наркы (сом)
Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин* мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен
Чет өлкөлүк, транзиттик мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен
1
М1
Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашпаган оруну бар транспорт каражаттары - жеңил транспорт каражаттары
50
200
2
М2
Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 т ашпаган транспорт каражаттары
100
1000
N1 Т5
Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т ашпаган транспорт каражаттары. Дөңгөлөктүү тракторлор
100
1000
3
M3
Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 т ашкан транспорт каражаттары
150
1500
N2
Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т ашкан, бирок 12 т ашпаган транспорт каражаттары
150
1500
4
N3
Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары
250
3000
5
N3O3
Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары. Техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т жогору, бирок 10 т ашпаган чиркегичтер
500
5000
T4.2
Максималдуу эсептик ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган, олуттуу өлчөмдөрү менен мүнөздөлгөн жана чоң айыл чарба аянттарын иштетүү үчүн атайын арналган жазысы кең тракторлор (комбайндар)
500
5000
6
N3O4
Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары. Техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 10 т ашкан чиркегичтер
500
5000
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен транспорт каражаттары - бул Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын транспорт каражаттары.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 134 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын…Постановление · 25.02.2026 · № 134
- Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн ТАРТИБИПорядок · 05.12.2023 · № 638 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын…Постановление · 05.12.2023 · № 638 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 134 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын…Постановление · 25.02.2026 · № 134
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын…Постановление · 05.12.2023 · № 638 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90