Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 «Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-февралы № 90
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 «Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесинин 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 «Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11. 2027-жылдын 31-декабрына чейин тоюттарды өндүрүүчү тарабынан айыл чарба балыгын өстүрүү боюнча иш жүргүзгөн айыл чарба өндүрүүчүсүнүн дарегине жүзөгө ашырылуучу, ТЭИ ТН 2309 90 1000, 2309 90 3100, 2309 90 9609 товардык позициялары боюнча классификациялануучу айыл чарба балыгы үчүн тоюттарды салык салынуучу берүүлөргө кошумча нарк салыгынын ставкасы 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык салынуучу берүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын тизмегинде:
– 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 10 (3770) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу…Постановление · 22.12.2025 · № 816
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3