Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардам төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо (Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна)
Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 59 токтомуна 1-тиркеме
Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардам төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Ушул Жобо Бишкек шаарында туруктуу каттоосу бар жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына белгилүү даталарга карата жыл сайын бир жолку материалдык жардам (мындан ары - бир жолку материалдык жардам) төлөөнүн тартибин аныктайт.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) жана Бишкек шаарынын административдик райондору боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыктары (мындан ары - СӨБ) 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жарандарга (мындан ары - материалдык жардам алуучулар) бир жолку материалдык жардам төлөө үчүн, жарандардын аялуу категориялары менен иштеген уюмдар жана мекемелер тарабынан берилген тизмелерге ылайык, ошондой эле жарандардын жеке кайрылууларынын негизинде ведомостторду түзөт.
3. Департамент жана СӨБ бир жолку материалдык жардамды төлөө үчүн акча каражаттарын банк мекемелерине жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын почта бөлүмдөрүнө (мындан ары - почта бөлүмдөрү) каржылоо ачылган учурдан тартып эки жумушчу күндүн ичинде которот.
4. Банк мекемелери жана почта бөлүмдөрү берилген ведомосттордун негизинде акча каражаттары келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде бир жолку материалдык жардамды төлөп берүүнү жүзөгө ашырышат.
5. Банк мекемелери, почта бөлүмдөрү бир жолку материалдык жардамды төлөөнү келишимдин негизинде жүргүзөт жана жума сайын Департаментке жана СӨБгө бир жолку материалдык жардамдын төлөнүшү жөнүндө маалымат берип турушат, төлөмдөрдүн жыйынтыгы боюнча өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруунун жыйынтыктоочу актысын түзүшөт.
6. Төлөм дайындалып бирок, жүйөлүү себептер боюнча төлөнбөй калган бир жолку материалдык жардамды төлөө төлөмдөр башталган күндөн тартып төрт айдын ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Жүйөлүү себептерге: материалдык жардам алуучунун саламаттык сактоо уюмдарында дарылануусу, республиканын башка региондоруна чыгуусу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусу кирет.
7. Материалдык жардам алуучу төлөмдөр жүргүзүлүп жаткан мезгилде каза болгон учурда, төлөнбөй калган бир жолку материалдык жардам үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөсүнүн бирине (жесир аялына, жесир күйөөсүнө, уулуна, кызына, небересине) алуучу каза болгон күндөн тартып төрт айдын ичинде берилген жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде төлөнүп берилиши мүмкүн. Согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери каза болгон учурда тиешелүү жылдын 1-январынан тартып 6 айдын ичинде берилет.
Арыз берилет:
- Департаментке - эгерде төлөм шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлсө;
- СӨБгө - эгерде төлөм райондук бюджеттин эсебинен жүргүзүлсө.
8. Департамент же СӨБ жарандардын жеке арыздарынын же коомдук уюмдар тарабынан берилген тизмелердин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу материалдык жардам алуучу жөнүндө төмөнкү маалыматтарды сурашат:
1) арыз ээсинин жеке маалыматтары;
2) жеңилдетилген категорияны ырастаган документтер;
3) каза болгондугу тууралуу, нике тууралуу же туулгандыгы тууралуу күбөлүк (материалдык жардам алуучунун каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган материалдык жардамды төлөп берүү учурунда).
9. Ушул жобонун 8-пункттун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар болбогон учурда, ырастоочу документтер арыз ээси тарабынан кагаз түрүндө берилет.
10. Бир жолку материалдык жардам алуучуга же шаардык же райондук бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилет. Материалдык жардамды бир эле алуучуга эки жолку төлөөгө жол берилбейт ("Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында саналып өткөн жарандардан тышкары).
11. Бир жолку материалдык жардамга бир нече негиздери боюнча укугу бар жактарга бир жолку материалдык жардам алуу үчүн бир негизди тандоо укугу берилет.
12. СӨБдүн, жарандардын аялуу категориялары менен иштеген уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери Департаментке, почта бөлүмдөрүнө жана банк мекемелерине бир жолку материалдык жардам төлөө үчүн берилген тизмелердин аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
13. Юбилейлик даталарга карата бир жолку материалдык жардамдын өлчөмү бекитилген өлчөмдөн 100%га көбөйөт.
14. Талаш маселелер, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын социалдык маселелер боюнча жарандардын каттарын жана арыздарын кароо боюнча комиссиясына берилген жеке арыздардын негизинде каралат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
И.Аденов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябры № 59 "Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардам төлөө жөнүндө"…Постановление · 07.10.2025 · № 59