Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардам төлөө жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябры № 59
Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардам төлөө жөнүндө
Жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына белгилүү даталарга карата бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө", "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардам төлөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардамдын өлчөмү 2-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Б.Усеналиев
Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 59 токтомуна 2-тиркеме
Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын берилүүчү бир жолку материалдык жардамдын өлчөмү
№
Белгилүү даталар
Бир жолку материалдык жардам алуу укугуна ээ болгон жарандардын критерийлери
Акчалай төлөмдөр (сом) Департамент аркылуу
Акчалай төлөмдөр (сом) СӨБ аркылуу
1
Афганистан Демократиялык Республикасынан советтик аскерлерди чыгаруу күнү
Афганистанда согуш аракеттеринин мезгилинде алган жаракаттын, мертинүүнүн, контузиянын, оорунун кесепетинен курман болгон же өлгөн аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү
15000
Афганистанда же согуш аракеттери жүргөн башка мамлекеттерде аскердик кызматты өтөө учурунда алган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон мурунку аскер кызматчылары
10000
башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттерине катышкандар
5000
2
Ата Мекенди коргоочулар күнү
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;
- концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундары;
- "Ленинградды коргоо үчүн" медалы менен сыйланган адамдар жана "Блокададагы Ленинграддын тургунуна" белгиси менен сыйланган адамдар
3000
2000
3
1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда КМШнын чек арасын кайтарууну күчөтүүнүн катышуучуларын урматтоо күнү
1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын кайтарууну күчөтүүнүн катышуучулары
2000
4
Элдик Апрель революциясы күнү
Талас облусунда 2010-жылдын 6-апрелинде, Бишкек жана Нарын шаарларында 2010-жылдын 7-апрелинде, Жалал-Абад облусунда 2010-жылдын 13, 14, 19-майында жана 2010-жылдын июнь айындагы Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуяларда (мындан ары - апрель окуялары) каза болгондордун үй-бүлөлөрү
10000
Апрель окуяларында алган жаракаттарынын кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар деп таанылган адамдар
5000
Элдик Апрель революциясынын катышуучулары
2000
5
26-апрель Чернобыль АЭСиндеги (ЧАЭС) авария күнү
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдар;
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар
5000
Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, өлгөн майыптардын үй-бүлөлөрү
10000
6
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;
- концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундары;
- "Ленинградды коргоо үчүн" медалы менен сыйланган адамдар жана "Блокададагы Ленинграддын тургунуна" белгиси менен сыйланган адамдар
40000
20000
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында өзүнүн жан аябас эмгеги жана тылда кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССР ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланып, кийин реабилитацияланган жарандар;
- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү;
- Улуу Ата мекендик согуштун өлгөн майыптарынын жана аларга теңештирилген майыптардын, ошондой эле өлүп калган согуштун катышуучуларынын жесирлери
10000
10000
7
Кыргыз Республикасындагы Энелер күнү
"Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйланган жарандар
1000
8
Балдарды коргоонун эл аралык күнү
майыптыгы бар балдар жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар
1000
жетим балдар
2000
9
Эл аралык карылар күнү
СӨБдө каттоодо турган кары жарандар
1000
узак жашоочулар (100 жаш жана андан улуу)
5000
50 жыл жана андан ашык бирге жашаган үй-бүлөлөр
2000
10
1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоодо аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда курман болгондорду урматтоо жана эскерүү күнү
1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондордун үй-бүлөлөрү
10000
1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында алган жаракатынан улам майып болуп калган аскер кызматкерлери
5000
1999-2000-жылдары Баткен облусунда согуштук аракеттердин катышуучулары
2000
11
Кыргыз Республикасындагы Саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү
Кыргыз Республикасында 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын балдары
5000
12
Эл аралык майыптар күнү
майыптыгы бар адамдар
3000
1000
Департамент - Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти; СӨБ - Бишкек шаарынын администрациялык райондору боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыктары.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
И.Аденов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2012 · № 237
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123