4-берене
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 19-январы, № 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20 жана 21-пункттар менен толукталсын:
"20) программалар, окутуу моделдери жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү процесси боюнча мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу;
21) медициналык жана илимий кадрларды даярдоо боюнча система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюмунун ишинин сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо.";
2) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Медициналык жана фармацевттик билим берүү, медициналык жана фармацевттик илим
1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берүүнү жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасында медициналык кызматкерлерди даярдоо ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кадрлардын пайдаланылышына жана алардын жылуусуна ар жылдык мониторинг жүргүзүүчү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик заказынын тартибинде жүзөгө ашырылат.
3. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү, илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашыруу система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мында билим берүү уюмдары саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү, илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууну милдеттүү мамлекеттик аккредитациялоодон өтүүнүн негизинде Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашыра алышат.
4. Ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди даярдоонун сапатын башкаруу, контролдоо жана көзөмөлдөө мамлекеттик аккредитациялоонун натыйжаларынын негизинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү орто, жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат ордуна Министрлер Кабинети белгилеген тартипте дайындалат жана бошотулат.
6. Ведомстволук медициналык илимий-изилдөө уюмдарын, жогорку медициналык жана фармацевттик билим берүү мекемелерин, медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу уюмдарын жетектөө, саламаттык сактоо жаатындагы илимий-изилдөө иштерин координациялоо, саламаттык сактоо системасы үчүн жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоону уюштуруу Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.";
3) 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү иши медициналык жана фармацевттик билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо жаатындагы илимий уюмдарда жана саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү программаларын ишке ашыруучу башка билим берүү уюмдарында мамлекеттик аккредитациядан өткөрүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.";
4) 155-беренеде:
а) 2-бөлүк "магистратураны" деген сөздөн кийин ", аспирантураны" деген сөз менен толукталсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Саламаттык сактоо жаатындагы адистердин кошумча билимдин жана көндүмдөрдүн көлөмүн алуусу кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын лицензиянын негизинде ишке ашыруучу жана мамлекеттик аккредитациядан өткөн уюмдарда кошумча билим берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү тартиби, саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу уюмдарга коюлуучу квалификациялык талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
5) 156-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Интернатура - билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар, мамлекеттик аккредитациядан өткөн билим берүү уюмдарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан клиникалык базалар катары аныкталган саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылуучу такшалманын программаларын ишке ашыруу. Интернатуранын программалары тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү медициналык адистиктер боюнча ишке ашырылат. Кесиптик даярдыктын деңгээлин баалоодон өткөн бүтүрүүчүгө такшалмадан өткөндөн кийин адистик ыйгарылат. Интернатуранын билим берүү практикасынын программалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттарда белгиленген алардын квалификациялык деңгээлдерине карата талаптарга ылайык система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайдын статусуна ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Мамлекеттик заказды берүүнүн, окууга кабыл алуунун жана медициналык кадрларды интернатурада окутуунун эрежелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";
б) 2-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ординатуранын билим берүү практикасынын программалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттарда белгиленген квалификациянын деңгээлдерине карата талаптарга ылайык система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайдын статусуна ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан аныкталат.".
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230039993/st-4" title="4-берене - Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>