Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-декабры № 6-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. VIII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй түзүмү бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын эки орун басары; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сегиз комитети.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй комитеттери түзүлсүн:
1) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет;
2) Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет;
3) Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитет;
4) Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитет;
5) Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитет;
6) Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитет;
7) Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет;
8) Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитет.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 10-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Н. Тургунбек уулу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 10-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.01.2022 · № 10-VII · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 10-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.01.2022 · № 10-VII · Күчүн жоготкон